Загрузка документа…
КЫЗЫЛ–КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-апрели № 40/160
Кызыл–Кыя шаардык “Мезгил жарчысы” гезитинин башкы редактору жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө негиз, шаардык кеңештин укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин жана Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 2016-жылдын 19-январындагы № 01-16/15 сандуу “Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын жана шаардык кеңештин органы болгон “Мезгил Жарчысы” газетасынын башкы редактору тууралуу” буйругун эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин жана шаардын мэриясынын органы болгон “Мезгил жарчысы” гезитинин башкы редактордук кызматына Джуманазаров Айталы Артыкбаевич бекитилсин.
2. Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин жана шаардын мэриясынын органы болгон “Мезгил Жарчысы” гезитинин башкы редакторуна (А.А.Джуманазаровго) “Мезгил Жарчысы” гезитин мындан ары сапатын жакшыртуу жана абройун көтөрүү боюнча активдүү иштерди алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
А. Маткалыков |