Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18 -июлу №2-8-1
Майлуу-Суу шаарынын 2015-жылдагы бюджетинин аткарылышын бекитүү жөнүндө
Майлуу-Суу шаардык кеңеш 2015 жылы шаардын киреше бөлүгүнө республикалык бюджеттен расмий трансферттер менен бирге 68985,7 миң сом түшкөндүгүн же башкача айтканда такталган планга салыштырмалуу 99,4% түзгөндүгүн белгиледи. Бюджеттин чыгаша бөлүгү 71638,5 миң сомду түзгөн же такталган планга салыштырмалуу 94,1% түзөт.
Майлуу-Суу шаардык кеңештин 2015-жылдын 17-апрелиндеги №12-7-2 “Майлуу-Суу шаарынын ӨӨБнын 2015-жылкы бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык чыгымдарды каржылоо иш жүзүндө түшкөн кирешелердин чегинде жүргүзүлгөн.
Отчеттук мезгилдин ичинде республикалык бюджеттен түшкөн каражат 11223,6 миң сом түзгөн, анын ичинде: музыкалдык мектептин жумушчуларына эмгек акысын төлөөгө 1223,6 миң сом, борбордук жылытууга төлөө үчүн 10000,0 миң сом.
Бюджеттик мекемелердин 2015-жылдын 1-январына болгон кредитордук карызы 252,8 миң сомду түздү, анын ичинде тамак-аш азыктары үчүн төлөмдөрү боюнча 66,4 миң сом, комуналдык кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөрү боюнча 107,7 миң сом.
Майлуу-Суу шаарынын каржы бөлүмүнүн башчысы Г.С.Раимбекованын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдын 2015-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой пикирлерин эске алуу менен, Майлуу-Суу шаардык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардын 2015-жылдагы бюджети кирешелер боюнча 68985,7 миң сом, чыгаша бөлүгү 71638,5 миң сом. (1,2-тиркемелер).
2. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн .
3. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына (Р.К.Бакалаев) жана Майлуу-Суу шаарынын мэри Н.А.Маматовко жүктөлсүн.
Төрага |
Б.К.Барбиев |