Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-июлу № 2-8-2
Майлуу-Суу шаарынын 2016-жылга бюджетин жана 2017-2018 жылдарга божомолун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык Майлуу-Суу шаарынын 2016-жылга бюджетин жана 2017-2018-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндө маселе боюнча Майлуу-Суу шаарынын каржы бөлүмүнүн башчысы Г.Райимбекованын маалыматын угуп жана талкуулап, шаардык кеңешинин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой пикирлерин эске алуу менен Майлуу-Суу шаардык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын бюджетинин 2016 жылга киреше жана чыгаша бөлүгү 66146,3 миң.сомго бекитилсин, анын ичинде атайын каражаттар 8850,0 миң.сомго бекитилсин (№1,3,4 тиркеме).
2. Майлуу-Суу шаарынын 2017-2018 жылдарга карата бюджеттин болжолунун негизги параметрлери №2,5 тиркемелерге ылайык жактырылсын, 2017-жылга карата болжолу 71146,1 миң сом, 2018-жылга карата болжолу 78948,8 миң сомго ар бир конкреттүү мезгилинде аларды кабыл алууда такталууга тийиш.
3. Жалпы мамлекеттик салыктардан чегерүүлөрдүн нормативи“Кыргыз Республиксынын 2016 жылга республикалык бюджети жана 2017-2018 жылдарга божомолу жөнүндө” Кыргыз Республикалык Мыйзамынын 10 беренесине ылайык бекитилсин.
4. Шаардык бюджетинин чыгаша бөлүгү 2016-жылга түшкөн кирешелердин чегинде биринчи кезекте корголгон беренелерге (эмгек акы, социалдык фондко чегерүүлөр, дары-дармек, тамак-аш жана социалдык жеңилдиктер) жана коммуналдык чыгымдарга каржылануусу белгиленсин. Чыгашалардын корголгон беренелерин туура жана так колдонуусун, ошондой эле электр жана жылуулук энергиялардын лимиттерин сактоо үчүн жоопкерчилик бюджеттик мекемелердин жетекчилерине жүктөлсүн.
5. Бюджеттик мекемелерге атайын каражаттарын регионалдык Казына бөлүмүнөн сырткары колдонууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттар 100 пайызы жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө алынсын.
6. Төмөндөгү каражаттар 2016-жылдын бюджетинин чыгашасында каралсын жана кабыл алынсын:
· ШММБнын Жашылдандруу чарба бөлүмүнүн штатын кармоо
· 7 (жети) мектептик медайымадарга 1200 сомдон айына (9 окуу ай ичинде)
· Мектеп окуучулардын бир жылга жол киреси 150,0 миң.сом
· Мугалимдердин бир жылда бир жолу акысыз медициналык кароосун өтүү
· Тыштан окуган мугалимдердин контрактарын төлөө
· Аз камсыз болгон жарандарга жеңилдиктерди төлөө
· Жергиликтүү салыктар менен жыйымдарды жыйноону Салык кызматынын органдары ыйгарым укук берген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын 3 (үч) салык инспекторун кармоо
· Финансы бөлүмүнө өлкө ичиндеги иш сапар чыгымдары жана дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу чыгымдары бекитилсин
7. Майлуу-Суу шаардын мэринин резервдик фонду 567,3 миң.сом өлчөмүндө бекитилсин
8. Жергиликтүү бюджеттин 2016-жылдын 1-январына калган акча каражаттарынын калдыгынын эсебинен кошумча каржылануучу иш чаралар 6-тиркемеге ылайык 2016- жылдын 1- январдан баштап каржылоосу бекитилсин, анын ичинде:
· Мэрия (12 адам) жана шаардык Кеңеш (3 адам) аппараттарынын ТТП жана КТП ар бирине айына 1000 сомдон кошумча төлөөлөр бекитилсин;
· ШММБнын 2 жетектөөчү адисине ар бирине айына 1000 сомдон кошумча төлөө бекитилсин;
· Машыктыруучу агай Умаров Н.Э. жана VI “Азия Балдары” эл аралык оюндардын катышуучусу И.Матмусаевге ШББМнө 10,0 миң сомдон кызыктыруу бекитилсин;
· Шаардык жашылдандыруу жана көркттөндүрүү мекемесинин көчө шыпыргандарга (дворник), сквер,паркты караган жумушчуларга (сторож, озеленитель) жана аркыл жумушчуларга (разнорабочие) 500 000 сом кошумча төлөөлөр бекитилсин;
· Шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгына (10 адам) ар бирине айына 1000 сомдон кошумча 129,0 миң сом төлөмдөр бекитилсин;
· Шаардык Кеңеш аркылуу аксакалдар сотуна материалдык кызыктыруу бир жылга 20,0 миң.сом бекитилсин;
· Шаардык жолдордун чуңкурларын оңдоого 900,0 миң.сом бекитилсин;
· Титулдик тизменин шаарды көрктөндүрүү иш-чараларына 307,1 миң.сом бекитилсин;
9. Жергиликтүү бюджеттин 2016-жылдын 1-январына калган каражаттарынын ичинен 2013-2015-жылдары “Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөрдөн” түшкөн каражаттарын респуликалык бюджетке 80% чегерүүсү 513,7 миң.сому бекитилсин
10. Бюджеттик мекемелердин 2016-жылдын 1-январына калган атайын каражаттары бекитилсин.(6 тиркеме)
11. 2016-жылдын 1-январына карата Майлуу-Суу шаарынын шаардык бюджети боюнча жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча 200,0 миң.сом өлчөмүндө бекитилсин.
12 Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик ресстрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
13Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
14 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестициаларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына (Р.К. Бакалаев) жүктөлсүн.
Төрага | Э. Ормоков |