Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-марты № 3
Момбеков айыл Өкмөтүндө калктын санына жараша 2 штат бирдигин бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы № 451-токтомунун негизинде кщн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык Кеңешинин XXVI- чакырылышынын 27-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Момбеков айыл Өкмөтүндө калктын санына жараша 2 штат бирдигин бекитип берүү боюнча финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ч.Төлөнованын 17.03.2016-жылдагы кызматтык каты канааттандырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын 2011-жыл 05-августундагы №451-токтомунун негизинде 2016-жылдын 1-апрель айынан баштап 1 башкы адис, 1 жетектөөчү адис бирдиктери бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл Өкмөтүнүн башчысы Д.Б.Төрөкановга жүктөлсүн.
Төрага | Т. Мусурманкулов |