Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-марты № 4
Момбеков айыл аймактын коомдук алдын алуу борборлорунун типтүү уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-сентябрындагы № 747 “Коомдук алдын алуу борборлорунун типтүү уставын бекитүү жөнүндөгү” токтомунун негизинде күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык Кеңешинин XXVI- чакырылышынын 27-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Момбеков айыл аймактын Коомдун алдын алуу борборлорунун типтүү уставы бекитилсин.
2. Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий вейб сайтына жарыялансын.
3. Момбеков айыл аймактын коомдук алдын алуу борборлорунун типтщщ уставы Жалал-Абад областык Адилет башкармалыгынан каттоодон өткөргөн күндөн кийин юридикалык күчкө ээ болот.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин укук жана мыйзамдуулук боюнча комиссияга жана айыл Өкмөтүнүн башчысы Д Төрөкановго жүктөлсүн.
Төрага | Т. Мусурманкулов |