Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-майы № 28/2
Кабыктын-Дөңү участогунан 10 га жерди азыркы убактагы категориясынан калктуу конуш категориясына которуу жана атуулдарга берилүүчү жердин аянты жөнүндө
Кара-Суу айылдык кеңешинин мыйзамдуулук жана укук тартиби туруктуу комиссиясынын төрагасынын корутундусун угуп Кара-Суу айылдык Кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кабыктын –Дөңү участкасынан 10 га жерди азыркы убактагы категориясынан калктуу конуш категориясына которулсун.
2. Трансформация боло турган жерден атуулдарга 0,06 га дан кемитпей бөлүнүп берүү жагы белгиленсин..
3. Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Кара-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет;
4.Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Азимбаевага жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары У.Коешовго милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Керимкулов |