Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-майы № 28/4
Табигаттын кырсыгы болгон селден жабыр тарткан үй-бүлөлөргө жардам катары салыктан бошотуу жөнүндө
Кара-Суу айылдык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагаларынын корутундусун угуп Кара-Суу айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Табигаттын кырсыгы болгон селден жабыр тарткан үй-бүлөлөргө жардам катары салыктын түрлөрүнөн бошотуу жагы белгиленсин
2. Селден жабыр тарткан үй-бүлөлөрдү тактап, салыктан бошотуу жагы айыл өкмөтүнүн башкы салыкчысы Р.Нээталиевге жүктөлсүн.
3. Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Кара-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет;
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Азимбаевага жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары У.Коешовго милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Керимкулов |