Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXVIII сессиясы
2016-жылдын 26-майы № 28/6
Жайлоочулардын жайлоого көчүп кетүүсү жана көчүп келүүсү жөнүндө
Кара-Суу айылдык кеңешинин 2016-жылга карата иш планы боюнча мыйзамдуулук жана укук тартиби туруктуу комиссиясынын төрагасынын корутундусун угуп .Кара-Суу айылдык Кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бадачылар 1-майдан 10-майга чейин кечикпей жайлоого көчүп кетип, 15-сентябрга чейин көчүп келбөөсү эскертилсин.
2.Бада акысы кой үчүн 50 сом, эчки үчүн 40 сом, эгерде жоготсо койго козу, козуга 2000 сом ал эми эчкиге улак, улакка 1500 сом төлөй тургандыгы, 1кг. дан туз кошо берилээри жана туяк пулду ар бир мал ээси өзү төлөп өткөрүп берүү жагы белгиленсин.
3.Жогорудагы бааны өзгөртүп, убагында кетип убагында келбесе административдик жаза колдонулары белгиленсин.
Төрага | Т. Керимкулов |