Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХXVIII сессиясы
2016-жылдын 26-майы № 28/7
Аксы районунун прокурорунун ага жардамчысы Б.Курманбековдун 31.03.2016-жылдагы 11/1-264-16 сандуу каты, телекомдун мыйзамдуулугу боюнча
Кара-Суу айылдык кеңешинин 2016-жылга карата иш планы боюнча мыйзамдуулук жана укук тартиби туруктуу комиссиясынын төрагасынын корутундусун угуп Кара-Суу айылдык Кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аксы районунун прокурорунун ага жардамчысы Б.Курманбековдун 31.03.2016-жылдагы 11/1-264-16 сандуу катындагы телекомдун мыйзамдуулугу боюнча кайра карап, туура жагына жыйынтык чыгаруу жагы айылдык кеңештин төрагасы Т.Керимкуловго жүктөлсүн.
2. Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Кара-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www.karasuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
3. Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Кара-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет;
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Азимбаевага жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары У.Коешовго милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Керимкулов |