Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-декабры № ХХV-1
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-февралындагы ”Гулистан айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2015-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү жөнүндөгү” №ХХ-1-токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
Гулистан айыл кеңешинин бюджет, экономика жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап айыл кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнүн башчысы билдирүүсүнө негиз 2015-жылга карата кабыл алынган бюджеттин чыгаша бөлүгүнө төмөнкүдөй:
- 701-бөлүкчөнүн 31113-стаьясынан 200 000 (эки жүз миң) сомун;
- 704-бөлүкчөнүн 31113320-статьясынан 70 000 (жетимиш миң) сомун;
- 706-бөлүкчөнүн 31113320-статьясынан 74 436 (жетимиш төрт миң төрт жүз отуз алты) сомун;
Бардык үнөмдөлгөн акча каражаты : 344 436 (үч жүз кырк төрт миң төрт жүз отуз алты) сом
- 70921-бөлүкчөнүн 31111200-статьясына 10 200 (он миң эки жүз) сом ОсОО “Ак таш” фирмасынан болгон карызды төлөө үчүн;
- 70911-бөлүкчөнүн 3112-статьясына 202 500 (эки жүз эки миң беш жүз) сом “Гулбакча балдар бакчасына диван-кровать сатып алуу үчүн;
- 70911-бөлүкчөнүн 22154900-статьясына 60 000 (алтымыш мин) сом Чили Сай участкасындагы балдар бакчасынын проекттик-сметалык докумееттерин даярдоо үчүн Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу бөлүмүнө төлөө үчүн;
- 706-бөлүмчөнүн 22154900-статьясына 71 726 сом (жетимиш бир миң жети жүз жыйырма алты) сом Ноокат райондук архитектура бөлүмүнөн болгон карызды жоюү үчүн;
Чыгашалардын бардыгы: 344 436 (үч жүз кырк төрт миң төрт жүз отуз алты) сом.
2. Акча каражаттарын мыйзам чегинда жалдырып иштетүу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ш.Таштемировго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кеңешинин бюджет, экономика жана инвестиция боюнча туруктуу комиссясына тапшырылсын.
Төрага | И. Ташматов |