Загрузка документа…
АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-октябры № 32/2
Р.Нийматов атындагы Айдаркен шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Б.У.Ахмедовко «ардактуу атуул» наамын берүү жөнүндө
Айдаркен шаарынын аксакалдар сотунун төрагасы жана мүчөлөрүнөн, тажик маала комитетинин башчысы К.Насыровдон Айдаркен шаардык Кеңешине келген Айдаркен шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Б.У.Ахмедовко Айдаркен шаарынын «Ардактуу aтyyл» наамын берүү жөнүндөгү сунуш каттарын 1-чакырылыштын 32-сессиясында шаардык Кеңештин депутаттарынын кароосуна коюп жана депутаттардын сунушун эске алып Айдаркен шаардык Кеңеши протоколдун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Р. Нийматов атындагы Айдаркен ички иштер бөлүмүнүн башчысы Б.У. Ахмедовко Кыргыз милициясынын 91-жылдык мааракесинин урматына Айдаркен шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндөгү сунуш жактырылуу менен аткарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңешинин төрагасы А. Гайназаровко милдеттендирилсин.
Төрага |
А. Гайназаров |