Загрузка документа…
КОҢУР- ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 14-майы № 2/3
КРнын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инпекциясы ,Алай, Чоң-Алай райондору боюнча региондук башкармалыгынын 13.05.2016 №22-18/170 Кызматтык катынын негизинде шагыл алуучу жерди коопсуз жерге жылдыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 3-главасынын 18-беренесинин 23-пунктуна ылайык Коңур-Дөбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. КРнын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инпекциясы ,Алай, Чоң-Алай райондору боюнча региондук башкармалыгынын 13.05.2016 №22-18/170 Кызматтык катынын негизинде шагыл алуучу жерди коопсуз жерге жылдырылсын, шагыл алуу токтотулсун
2. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн тургундарына, дамбанын төмөн жагынан, Гүлчө дарыясынын батыш тарабынан, көпүрөнүн 200 м ылдый жагынан шагыл алууга 1,0 га жер аянты бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер реформасы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага |
Т. Мусурманкулов |