Редакцияот 14.05.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОҢУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин V чакырылышынын II заседаниясы

 

2016-жылдын 14-майы №2/4

Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси Т. Кыдыркуловдун билдирүүсү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 3-главасынын 20-беренесинин 8-пунктуна ылайык Коңур-Дөбө айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси Т. Кыдыркуловдун билдирүүсү эске алынсын

2. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Булуң участкасынан 3,0 га жерди арендага алуу үчүн аукционго коюлсун, гектарына 1500 сом алгачкы акчалай баасы көрсөтүлсүн

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер реформасы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын

 

Коңур-Дөбө айылдык

кеңешинин төрагасы

 

С. Жээналиев