Загрузка документа…
КОҢУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 30- июну № 3/1
2016-жыл “Тарых жана маданият” жылында айыл өкмөтүнүн маданият кызматкерлеринин уюштуруучулук иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 3-главасынын 18-беренесинин 13-пунктуна ылайык Коңур- Дөбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. 2016-жыл “Тарых жана маданият” жылында айыл өкмөтүнүн маданият кызматкерлеринин уюштуруучулук иштери талапкка ылайык жүргүзүлбөй жаткандыгы белгиленсин.
2. Айыл өкмөтүнүн маданият кызматкерлери “Тарых жана маданият” жылын өткөрүүдө, актап сырдоо жана маданий массалык иштерди жүргүзүү менен, кетирген кемчилдиктерди жоюу Абдыбап у Муратка, К. Аматовага,К.Акаевдерге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл өкмөтүнө жана айылдык Кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Жээналиев |