Загрузка документа…
ЖАНЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаны-Арык айылдык Кеңешинин XXVII-чакырылышынын VI-кезексиз сессиясы
2017-жылдын 28-июнудагы№ 10/1
Жаны-Арык айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 31-мартындагы №7/2 токтомун жокко чыгаруу жѳнүндѳ
Жаны-Арык айылдык Кеңешинин 31-март 2017-жылдагы III-кезектеги сессиясында кабыл алынган №7/2 токтомун жокко чыгарууну жана мыйзам талаптарына ылайык келтирүү боюнча Жумгал райондук прокуратурасынын 19.06.2017-жылдагы №11-101-17 сандуу каршылык билдирүүсүн карап жана талкуулап, Жаны-Арык айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 31-мартындагы III-кезектеги сессиясы тарабынан кабыл алынган айыл аймагындагы соода түйүндѳрүндѳ же жеке адамдар тарабынан курамында спирттик кошулмалары бар алкоголдук ичимдиктердин (арак, вино, пиво, коньяк, накта спирт) сатылуусун азайтуу максатында айыл тургундары менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жѳнүндѳгү №7/2 токтому жокко чыгарылсын;
Жогорудагы токтомду жокко чыгаруу менен жеке ишкерлерге берилген эскертүүлѳр, билдирүүлѳр жана башка кагаздар кайтарылып алынсын;
Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Жаңы-Арык айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Р.Молдобазаровго тапшырылсын.
Төрага | К.Саралаев |