Загрузка документа…
ЖАНЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаны-Арык айылдык Кеңешинин XXVII-чакырылышынын VIII-кезексиз сессиясы
2017-жылдын 4-июлу № 11/1
«Килемче» ѳрѳѳнүндѳгү чабынды жерлерге тарифти бекитүү жѳнүндѳ
Жаны-Арык айыл аймагынын чегинде жайгашкан «Килемче» ѳрѳѳнүндѳгү чабынды жер аянттарын тоют жыйноо максатында пайдаланууга кайрылган жайыт пайдалануучуларга 1(бир) жылдык мѳѳнѳт менен берүүдѳ 1 га жер аянты үчүн тариф бекитип берүү жѳнүндѳ Жаны-Арык жайыт пайдалануучулар бирикмесинин тѳрагасы А.Алжаңбаевдин кайрылуусун карап, айылдык Кеңештин депутаттарынын билдирүүлѳрүн угуп жана талкуулап, Жаны-Арык айыл аймагынын айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жаны-Арык айыл аймагынын чегинде жайгашкан «Килемче» ѳрѳѳнүндѳгү чабынды жерлерди тоют жыйноо максатында пайдаланууга кайрылган жайыт пайдалануучуларга 1(бир) га жер аянты 1500 (бир миң беш жүз) сомдон, 1(бир) жылдык мѳѳнѳт менен берилсин;
2. Бул токтом баардык айыл тургундарына тааныштырылсын жана тоют жыйноо максатында пайдаланууга кайрылган жайыт пайдалануучулар менен 1(бир) жылдык мѳѳнѳт менен келишимдерди түзүү боюнча иштер жүргүзүлсүн;
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Жаны-Арык айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин тѳрагасы А.Алжаңбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | К.Саралаев |