Загрузка документа…
ЖАНЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаны-Арык айылдык Кеңешинин XXVII-чакырылышынын VIII-кезексиз сессиясы
2017-жылдын 03-августу № 12/1
«Кызарт-келечеги» бала бакчасынын башчысы Э.Курманкожоеванын кайрылуусун кароо жѳнүндѳ
Жаны-Арык айыл аймагындагы А.Идинов атындагы орто мектебинин №3 корпусунун имаратын (мурдагы мастерской) айланасындагы жер участогу менен чогу «Кызарт-келечеги» бала бакчасына ѳткѳрүп берүү жѳнүндѳ кайрылуусун карап, айылдык Кенештин депутаттарынын билдирүүлѳрүн угуп жана талкуулап, Жаны-Арык айыл аймагынын айылдык Кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кызарт-келечеги» бала бакчасынын башчысы Э.Курманкожоеванын кайрылуусу канааттандырылсын;
2. А.Идинов атындагы орто мектебинин №3 корпусунун имараты (мурдагы мастерской) айланасындагы жер участогу менен чогу «Кызарт-келечеги» бала бакчасына ѳткѳрүлүп берилсин;
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Жаны-Арык айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Р.Молдобазаровго тапшырылсын.
Төрага | К.Саралаев |