Загрузка документа…
ЖАНЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаны-Арык айылдык Кеңешинин XXVII-чакырылышынын VIII-кезексиз сессиясы
2017-жылдын 03-августу № 12/2
Жаны-Арык айыл ѳкмѳтүнүн 2017-жылга кабыл алынган бюджетинин статьяларына ѳзгѳртүү киргизүү жѳнүндѳ
Жаны-Арык айыл аймагындагы «Кызарт-келечеги» бала бакчасынын башчысы Э.Курманкожоеванын 12.06.2017-жылдагы билдирүүсүнүн негизинде Жаны-Арык айыл ѳкмѳтүнүн финансы-экономика бѳлүмүнүн башчысы Т.Султанкадыровдун маалыматын угуп жана талкуулап Жаны-Арык айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаны-Арык айыл ѳкмѳтүнүн 2017-жылдагы кабыл алынган бюджетинен ички жолдордун ремонтуна 22154900 статьясы боюнча бѳлүнгѳн 62 миң сом акча каражатынан, 2221100 статьясына 20 миң сом акча каражаты «Кызарт-келечеги» бала бакчасынын имаратынын ремонтуна жылдырылсын;
2. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Жаны-Арык айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Р.Молдобазаровго милдетендирилсин.
Төрага | К.Саралаев |