Загрузка документа…
ЖАНЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаны-Арык айылдык Кеңешинин XXVII-чакырылышынын VIII-кезексиз сессиясы
2017-жылдын 03-августу № 12/3
Жаны-Арык айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Р.Молдобазаровдун 2017-жылдын 6 айында аткарган иштеринин отчету жѳнүндѳ
Жаны-Арык айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Р.Молдобазаровдун 2017-жылдын 6 айында аткарылган иштеринин отчетун угуп, айылдык Кенештин депутаттарынын билдирүүлѳрүн угуп жана талкуулап, сунуштарын эске алып, Жаны-Арык айыл аймагынын айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Жаны-Арык айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Р.Молдобазаровдун 2017-жылдын 6 айында аткарылган иштер боюнча берген отчету жетиштүү болбогондуктан, 9 айлык аткарылган иштердин отчетун угуу жагы 2017-жылдын 3-жумасына белгиленсин;
Жаны-Арык айылдык Кеңешинин 31-март 2017-жылдагы №7/1 токтому менен бекитилген тарифтердин сакталышы кѳзѳмѳлдѳнбѳгѳндүгү белгиленсин (жер айдоо, малалоо, мал багуунун тарифи жана огород сугаруунун, кѳчүп-конуунун мѳѳнѳттѳрүнүн сакталышы) жана мындан ары айылдык Кеңештин кабыл алган токтомдорунун аткарылышы боюнча тиешелүү иш-чараларды ѳз убагында жүргүзүү жагы эскертилсин;
Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Жаны-Арык айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Р.Молдобазаровго милдеттендирилсин.
Төрага | К.Саралаев |