Редакцияот 05.10.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ноокат шаардык кеңешинин кезексиз V чакырылышынын VII сессиясынын отуруму

 

2017-жылдын 5-октябры № VII-2

Ноокат шаарынын жолдоруна бетон тосмолорду сатып алуу жана бетон тосмолорду жылдырып орнотуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

     Ноокат шаарынын жолдоруна бетон тосмолорду сатып алуу жана бетон тосмолорду жылдырып орнотуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Ноокат шаарынын жолдоруна бетон тосмолорду сатып алуу жана бетон тосмолорду жылдырып орнотуу үчүн Ноокат шаар мэриясынын бюджетинин 2017-жылдын ичинде үнөм болгон акча каражатынын эсебинен 113 000 (бир жүз он үч миё) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А.Гафаров