Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин кезексиз V чакырылышынын VII сессиясынын отуруму
2017-жылдын 5-октябры № VII-3
Ноокат шаар мэриясынын имаратынын биринчи кабатын ремонттон өткөрүү үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынын имаратынын биринчи кабатын ремонттон өткөрүү үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ноокат шаар мэриясынын имаратынын биринчи кабатын ремонттон өткөрүү үчүн Ноокат шаар мэриясынын бюджетинин 2017-жылдын ичинде үнөм болгон акча каражатынын эсебинен 250063 (эки жүз элүү миё алтымыш үч) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |