Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин кезексиз V чакырылышынын VII сессиясынын отуруму
2017-жылдын 5-октябры № VII-4
Ноокат шаарына караштуу муниципалдык баланстагы жер аянтына автоунаа токтоочу жай катары пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын А.Мирмахмудов атындагы көчөсүндө жайгашкан “Байыш” май куйуучу жайынын чыгыш тарабындагы 180 чарчы метр муниципалдык баланстагы жер аянтын автоунаа токтоочу жай катары пайдалануу жана шаардын бюджетине кошумча киреше киргизүү максатында Ноокат шаардык кенешинин муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология, архитектура, транспорт, агрардык маселелер жана энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап, Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлунун №241 Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ноокат шаарынын А.Мирмахмудов атындагы көчөсүндө жайгашкан “Байыш” май куйуучу жайынын чыгыш тарабындагы 180 чарчы метр муниципалдык баланстагы жер аянтын автоунаа токтоочу жай катары пайдаланууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология, архитектура, транспорт, агрардык маселелер жана энергетика маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |