Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин кезексиз V чакырылышынын VII сессиясынын отуруму
2017-жылдын 5-октябры № VII-5
Ноокат шаар мэриясынын имаратын, мектептерин, балдар бакчаларын 2017-2018-жылдары үчүн электр лабораториясынан өткөрүүгө жана техникалык шарттарды түзүүгө акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынын имаратын, мектептерин, балдар бакчаларын 2017-2018-жылдары үчүн электр лабораториясынан өткөрүүгө жана техникалык шарттарды түзүүгө акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ноокат шаар мэриясынын имаратын, мектептерин, балдар бакчаларын 2017-2018-жылдары үчүн электр лабораториясынан өткөрүүгө жана техникалык шарттарды түзүүгө Ноокат шаар мэриясынын бюджетинин 2017-жылдын ичинде үнөм болгон акча каражатынын эсебинен 120 000 (бир жүз жыйырма миё) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |