Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин кезексиз V чакырылышынын VII сессиясынын отуруму
2017-жылдын 5-октябры № VII-6
Ноокат шаарынын ветеринардык кызматкерине шаар мэриясынын имаратынан өзүнчө бөлмө жасоого акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын ветеринардык кызматкерине шаар мэриясынын имаратынан өзүнчө бөлмө жасатып берүүгө акча акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын ветеринардык кызматкерине шаар мэриясынын имаратынан өзүнчө бөлмө жасатып берүүгө Ноокат шаар мэриясынын бюджетинин 2017-жылдын ичинде үнөм болгон акча каражатынын эсебинен 98 000 (токсон сегиз миё) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |