Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин кезексиз V чакырылышынын VII сессиясынын отуруму
2017-жылдын 5-октябры № VII-6
Ноокат шаарынын борбордук айлампасы аркылуу өтүүчү жолдорундагы автоунаа токтоочу жайларды иретке келтирүү жөнүндө
Ноокат шаарынын борбордук айлампасындагы жол четтеринде иретсиз коюлган автоунаалардан улам автоунаа тыгындары пайда болуп тоскоолдуктар жаралып жаткандыктан, борбордук айлампа аркылуу өтүүчү жолдорундагы автоунаа токтоочу жайларды иретке келтирүү максатында Ноокат шаар мэриясынын 2017-жылдын 4-октябрындагы №01-15ү453, Ноокат шаардык милиция бөлүмүнүн 2017-жылдын 4-октябрындагы №2ү4728, Ноокат №37 Жолдорду тейлөө мекемесинин каттарынын негизинде Ноокат шаардык кенешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат шаарынын борбордук айлампасын иретке келтирүү максатында Ош, О.Солтобаев, Ленин, С.Алимбаев атындагы көчөлөрдүн четиндеги автоунааларды токтотбоого сунушталган схемага макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |