Загрузка документа…
КАЙНДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-июлу №20/IX-1
Участкалык шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялар жөнүндө” Мыйзамынын 19 беренесинин 1 жана 5 пунктусунун, 30.07.2011 жылдын “Шайлоо комиссияларын түзүү жана таратуу ирээти жөнүндө” № 62 Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү Борбордук шайлоо комиссиясынын 2011- жылынын 8 июлундагы бекитилген токтомунун негизинде, ошондой эле көргөзүлгөн талапкерлер жөнүндө маалыматтарды, протоколдорду карап чыгып, Кайыңды шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы:
1. № 7383,№ 7385 аймактык шайлоо комиссияларынын курамына шайлоочулардын жыйынынан жана жумушчу коллективдин жыйынынан 1 - тиркемеге ылайык төмөнкү талапкерлер киргизилсин.
2. Панфилов райондук аймактык шайлоо комиссиясына талапкерлер жөнүндө маалыматтарды, чогулуштардын протоколдорун, сессиянын токтомун Кайынды шаардык кеңеши жөнөтсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлү Кайыңды шаардык кеңешинин жоопту катчысы Сыдыгалиева А.К. га жүктөлсүн.
Төрага | Б. Абдрасулов |