Загрузка документа…
Кайыңды шаардык кеңешинин 2019-жылдын 25-январындагы № 87/XXVII токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КАРА–БАЛТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-августу №24/X – 4
“Ас-Салам” араб кайрымдуулук фондуна Кайыңды шаарына көп батирлүү үй, тигүүчү цех жана медициналык пункт курулушуна жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Кайыңды шаарынын калктын жарды катмарына жардам көрсөтүү, алардын турак-жай-тиричилик шарттарын жакшыртуу максатында “Ас-Салам” араб кайрымдуулук фондуна “Кайыңды шаарына көп батирлүү үй, тигүүчү цех жана медициналык пункт курулушуна жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө” Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сунушун карап жана талкуулап, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы:
1.“Ас-Салам” араб кайрымдуулук фондуна Кайыңды шаарына көп батирлүү үй, тигүүчү цех жана медициналык пункт курулушуна жалпы аянты 9900.0 кв.м. жер тилкесин бөлүп берүүгө уруксаат берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайынды шаардык кеңешинин жер жана турак-жай маселелери боюнча депутаттарынын туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Абдрасулов |