Загрузка документа…
АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-январы № 25/1
Жаштар саясатынын мамлекеттик стратегиясы жөнүндөгү токтомду ишке ашыруу максатында, мамлекеттик жаштар саясатын жүзөгө ашыруу, иш чараларына керектелүүчү акча каражаттарын жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүү жөнүндө
Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын 2014-жыл 23.12.№1-17/04-1917 жана шаардык мэриянын 2014-жыл 30.12.№1132-каттарын угуп талкуулап, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Айдаркен шаардык Кеңешинин 1-чакырылышынын XXIV сессиясы протоколдун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Жаштар саясатынын мамлекеттик стратегиясы жөнүндө» токтомду ишке ашыруу максатында, жаштар саясатын жүзөгө ашыруу үчүн алардын иш- чараларына керектелүүчү акча каражатын чечүү жагы белгиленсин жана шаардык мэриянын 2015-жылдагы бюджетине киргизилсин.
2. Шаардык мэриянын 2015-жылга бюджетин бекитүүдө, шаардык мэриянын жаштар иштери боюнча координатору М.Алиевдин катышуусу камсыз болушу белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышы шаардык мэриянын ФЭБнун башчысы Д. Матисаевага жана вице-мэр А. Саитовко милдеттендирилсин
Төрага |
А.Гайназаров |