Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Токмок шаардык кеңешинин IV Чакырылышынын XI сессиясы
2017-жылдын 28-февралы №58/11-4
Токмок шаарынын 2017-жылга бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй башкармалыгынын башкаруучусу Г.Т.Жумалиеванын “Токмок шаарынын 2017-жылга бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө” докладын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 78, 102-беренелерине ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин контролдук цифраларын, Токмок ш. мэриясынын шаардын 2017-жылга жергиликтүү бюджетинин жана 2018-2019-жылдарга болжолунун долбоорун даярдоо боюнча жумушчу тобунун материалдарын, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын протоколун жетекчиликке алуу менен,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын киреше жана чыгаша боюнча бюджети 2017-жылга атайын каражаттарды эсепке алуу менен – 198353,3 миң сом өлчөмүндө, 2018-жылга болжол – 209914,3 миң сом, 2019-жылга – 219497,3 миң сом (№1,№2 тиркемеге ылайык) жана 2017-2019-жылдарга киреше бөлүгү боюнча жөнгө салуу планы (тиркеме №3) бекитилсин.
2. 2017-жылдын жана 2018-2019-жылдарга болжолун жергиликтүү бюджеттин чыгашаларын анык алынган кирешенин чегинде, ошол эле учурда биринчи ирет корголгон беренелер боюнча (кызмат акы, Социалдык фондко чегерүү, тамактануу, калкка социалдык жардам боюнча жөлөк пул), коммуналдык кызматтарын, көмүр алууну, ошондой эле 01.01.2017-жылга карата бюджеттик мекемелеринин кредитордук карызын жабууга каржылоо белгиленсин.
3. Токмок ш. жергиликтүү бюджети боюнча жүгүртүлүүчү кассалык накчалай каражат 2017-жылдын 1-январына карата 200,0 миң сом суммасында белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй башкармалыгынын башкаруучусу (Жумалиева Г.Т.) тарабынан:
- Токмок ш. жергиликтүү бюджетин аткаруу процессинде, экономикалык кырдаал өзгөрүлгөн учурларда, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен 2017-жылга карата киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча планды тактоо боюнча иштер квартал сайын жүргүзүлсүн;
- шаардык жергиликтүү бюджетти аткаруунун жүрүшүндө, шаардык жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылбагандыгы жана ашык аткарылгандыгы күтүлгөн учурда, шаардык жергиликтүү бюджеттин кирешелер жана чыгашалар бөлүктөрүн баланстуу оңдоп-түзөө, шаардык кеңештин сессиясында кийин бекитилүүсү менен, экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына киргизилсин;
- шаардык жергиликтүү бюджетти аткаруунун жүрүшүндө, кызматтык муктаждык пайда болгон учурда, шаардык бюджеттин каражатын алуучулардын сунушу боюнча, бөлүмдүн ичинде (кызмат акыдан, Социалдык фондко чегерүүдөн тышкары) жана бюджеттик жылдын кварталынан кварталына өзгөртүүлөрдү киргизүү, шаардык кеңештин сессиясында кийин бекитилүүсү менен, экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына киргизилсин;
- шаардык жергиликтүү бюджетти аткаруунун жүрүшүндө муктаждык пайда болгон учурда, чыгашалар бөлүмүнөн бөлүмгө кредиттерди жылдыруу жүргүзүү үчүн, шаардык кеңештин сессиясында кийин бекитилүүсү менен, экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына киргизилсин;
- шаардык жергиликтүү бюджеттин кирешелерин жогорулатуу боюнча ишти көзөмөлгө алуу жана координациялоо, Токмок ш. боюнча МСКБсы жана Токмок ш. ММБсы менен биргеликте шаардык жергиликтүү бюджеттин салыктык жана салыктык эмес кирешелерин жогорулатуу жана кирешелердин кошумча булактарын табуу боюнча активдүү иш жүргүзүлсүн;
- 2017-бюджеттик жылдын ичинде 2016-жыл үчүн шаардын бюджеттик мекемелеринин кредитордук карызын жабуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй башкармалыгына (Жумалиева Г.Т.) каражаттар түшкөн учурда, шаардык жергиликтүү бюджетке сатуудан түшкөн салыктын түшүп калган суммасын компенсациялоого республикалык бюджеттен берилген каражаттар түшкөн учурда, көрсөтүлгөн каражаттардын максаттуу багытта колдонулушу Токмок ш. мэриясынын буюрмасына ылайык бекитүүгө жана Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын кароосуна киргизүү укугу берилсин. Түшкөн каражаттар биринчи ирет 2016-жыл үчүн шаардын бюджеттик мекемелеринин корголгон беренелери боюнча (кызмат акы, Социалдык фондко чегерүү, тамактануу), коммуналдык кызматтар жана башка биринчи ирет чыгашалар беренелери боюнча (бухгалтердик баланс боюнча) кредитордук карызын, ошондой эле шаардын калкына берилген жылуулук энергиясын субсидиялоону жабууга жөнөтүлсүн.
6. Токмок ш. боюнча Мамлекеттик салык кызматы башкармалыгынын башкаруучусу (Мамбетаитов Н.Т.) тарабынан:
- экономиканын көмүскө секторун мыйзамдаштыруу боюнча иштерди жүргүзүү жана тескөөнү жакшыртуу жолдору менен салыктарды жана төлөмдөрдү көбөйтүү боюнча чаралар кабыл алынсын;
- салыктык жана салыктык эмес төлөмдөрдүн бардык түрлөрү боюнча пландардын ай сайын аткарылышы камсыздалсын;
- жергиликтүү бюджеттин салыктар жана төлөмдөр калдыктарын кыскартуу боюнча иштер күчөтүлсүн;
- ай сайын шаардык жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин салыктар жана салык эмес төлөмдөрдүн бардык түрү боюнча келип түшүүлөр жана чегерүү боюнча бардык, салык төлөөчүлөр боюнча (юридикалык жана жеке жактар) маалыматтар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй башкармалыгына сунушталсын.
7. Токмок ш. ММБнын башкаруучусунун м.а. (Кусанов С.А.) тарабынан:
- экономиканын көмүскө секторун мыйзамдаштыруу боюнча иштерди жүргүзүү жана тескөөнү жакшыртуу жолдору менен салыктарды жана төлөмдөрдү көбөйтүү боюнча чаралар кабыл алынсын;
- ай сайын шаардык жергиликтүү бюджеттин муниципалдык менчикти объектилерин пайдалануудан түшкөн жана чегерүү боюнча кирешелердин, төлөөчүлөр жана ижарачылар боюнча (юридикалык жана жеке жактар) маалыматтар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй башкармалыгына сунушталсын.
8. Шаардык жергиликтүү бюджетте Кыргыз Республикасынын МУККнын Токмок шаардык бөлүмүнүн имаратын учурдагы оңдоо иштерин жүргүзүүгө, 2221 “Мүлктүн учурдагы оңдоо иштерине чыгымдар” беренеси боюнча 300 000 (үч жүз миң) сом өлчөмүндө каражат каралсын.
9. Шаардык жергиликтүү бюджеттен каржыланган, бюджеттик мекемелери Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй башкармалыгына бюджеттик жана атайын каражаттар боюнча чыгашалар сметасын, штаттык түзүмүн жана чыгашалар беренелери боюнча чечмелөөнү сунуштоого милдеттендирилсин.
10. Шаардын бюджеттик мекемелерине атайын каражаттарды, казына системасын четтеп өтүүгө тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартипти бузган учурда атайын каражаттардын 100 пайызы жергиликтүү бюджеттин кирешесине алынат.
11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык, Токмок шаардык бюджеттик мекемелер тарабынан коммуналдык кызматтар боюнча (суу, электрэнергиясы, жылуулук энергиясы, байланыш кызматтары үчүн төлөм) ченем катуу кармалсын.
12. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 24-беренесине ылайык Токмок ш. мэринин резервдик фонду бюджеттик чыгымдын 1% көлөмүнө чейин түзүлсүн.
13. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А.Солтобаев |