Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Токмок шаардык кеңешинин IV Чакырылышынын XI сессиясы
2017-жылдын 28-апрели №55/11-4
Токмок шаарынын 2016-жыл үчүн жергиликтүү бюджеттин аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө
Токмок шаардык каржы бөлүмү тарабынан берилген 2016-жыл үчүн жергиликтүү бюджеттин аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө материалдарды карап чыгып, шаардык кеңеш төмөнкүлөрдү белгилейт, жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү расмий алынган трансферттерди жана атайын каражаттарды эсепке алуу менен 92,8% аткарылды же такталган план боюнча 226968,4 миң сом, факт боюнча 210707,5 миң сом же 16260,9 миң сом түшпөй калган.
Ошонун ичинде:
-жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү атайын каражаттарсыз (бюджеттик каражаттар) 93,1% аткарылды (такталган план 208654,0 миң сом, факт 194289,9 миң сом) же 14364,1 миң сом түшпөй калган.
-атайын каржат 89,6% (такталган план 18314,4 миң сом, факт 16417,6 миң сом) же 1896,8 миң сомго аткарылган жок.
Токмок ш. боюнча МСКБ тарабынан чогултулуучу төлөмдөр жана салыктар боюнча (“Интергласс” ЖЧКнын жана “Брент” ЖЧКнын кирешелеринин түшүшүн эсепке албаганда) план 102,3% аткарылды же такталган план 139037,9 миң сом, факт боюнча 142261,4 миң сом жыйналды, 3223,5 миң сом ашык аткарылган.
Жалпы план салыктардын жана жыйымдардын төмөнкү түрлөрү боюнча аткарылган жок:
-Чакан ишкердик субъектилери үчүн бирдиктүү салык 367,6 миң сомго;
-Жеке ишкердик үчүн колдонулбаган кыймылсыз мүлккө бирдиктүү салык 51,1 миң сомго;
-Калк конуштарынын жерлерин жана айыл чарбалык эмес багыттагы жерлерди колдонуу үчүн жер салыгы 283,5 миң сомго;
-Сатык салыгы 16557,0 миң сом;
-Бөлмөлөрдүн ижарасы үчүн төлөм 48,6 миң сомго;
-Таштанды чыгаруу үчүн жыйым 12,9 миң сомго;
-Юстиция органдары алуучу мамлекеттик алым 930,8 миң сомго;
2017-жылдын 1 январына карата жергиликтүү бюджеттин салыктар жана төлөмдөр боюнча салык калдыктары 2494,5 миң сомду түздү же өткөн жылдын ушу мезгилине салыштырганда 2637,0 миң сомго азайды (2016-жылдын 1-октябрына карата-5131,5 миң сом).
Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгү расмий алынган трансферттерди жана атайын каражаттарды эсепке алуу менен, 92,0% аткарылды, же такталган план 228198,5 миң сом болсо, иш жүзүндө чыгымдалганы 209925,0 миң сом.
Анын ичинде:
-бюджеттик каражаттар 193088,1 миң сом суммасында чыгымдалган;
-атайын каражаттар 16836,9 миң сом суммасында чыгымдалган.
2017-жылдын 1 январына карата шаардын бюджеттик мекемелеринин кредитордук карызы 24149,8 миң сомду түздү, анын ичинде 223213 “Жылуулук энергиясы үчүн төлөм” беренеси боюнча – 12870,7 миң сом.
Жогоруда айтылгандардын негизинде,
Токмок шаардык кеңеши токтом кылат:
1.Токмок шаарынын 2016-жылдын ичиндеги жергиликтүү бюджеттин аткарылышынын киреше бөлүгү 210707,5 миң сом суммасында, алардын ичинен бюджеттик каражаттар -194289,9 миң сом, атаыйн каражаттар – 16417,6 миң сом эске алынсын (тиркеме №1).
2.2016-жылдын ичиндеги шаардык жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы бекитилсин (тиркеме№2).
3.Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй башкармалыгынын башкаруучусу (Жумалиева Г.Т.) тарабынан, шаардын бюджеттик мекемелеринин коммуналдык кызматтар боюнча кредитордук карызын жабуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлсүн.
4.Токмок шаары боюнча МСКБнын башкаруучусу (Мамбетаитов Н.Т.) тарабынан:
-мындан ары, ай сайын салыктар жана салыктык эмес төлөмдөрдүн бардык түрү боюнча пландык көрсөткүчтөрдүн аткарылышы камсыздалсын;
-салыктар жана төлөмдөр боюнча салык калдыктарын кыскартуу боюнча жумуштар күчөтүлсүн.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А.Солтобаев |