Загрузка документа…
БЕЛОВОДСКИЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017 жылдын 29 октябры № 34
“Беловодский айылдык аймагындагы объекттерди куруу жана оңдоо боюнча социалдык-экономикалык өнүгүүсүн бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын туруктуу өнугүү Улуттук стратегиясы алкагында 2017-2021 жыл мезгилине Беловодский айылдык аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн көтөрүү максатында ЖЭӨ боюнча башкы адисинин маалыматын угуп жана талкуулап Беловодский айылдык кенештин сессиясы,-
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Беловодский айылдык аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү планына 2018 жылдын СРС планы киргизилсин.
2. Жооптуу катчы берилген токтомду Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук акттардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстициялык башкармалыгына каттого жиберсин.
3. Берилген токтомдун аткарылышын козөмөлдөө Беловодский айыл окмөтүнүн башчысы Б.Т. Төлөмүшевге жүктөлсүн.
Төрага | Т.Конушбаев |