Загрузка документа…
БЕЛОВОДСКИЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017 жылдын 29 октябры № 35
Беловодский айылдык аймагында коомдук-алдын алуу борборун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015 жылдын 27.10 “Коомдук алдын- алуу борборунун Типтик уставын бекитүү жөнүндөгү” № 747 токтомуна жана жаштар, спорт, маданият жана социалдык суроолор боюнча комиссиянын 2017 жылдын 27.09. № 8 корутундусуна ылайык, Беловодский айылдык аймагында укук бузууларды алдын –алуу боюнча алдын-алуу иш-чараларын өткөрүү максатында Беловодский айылдык кенештин сессиясы,-
ТОКТОМ КЫЛАТ
Беловодский айылдык аймагындагы коомдук алдын-алуу борборунун Уставы бекитилсин (Устав тиркелет).
Жооптуу катчы берилген токтомду Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук акттардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстициялык башкармалыгына каттого жиберсин.
Берилген токтомдун аткарылышын козөмөлдөө Беловодский айыл окмөтүнүн башчысы Б.Т. Төлөмүшевге жүктөлсүн.
Төрага | Т.Конушбаев |
| Беловодский айылдык кеңешинин сессиясынын 2017 жылдын 29.09. № 36 токтому менен Бекитилди |
Коомдук алдын-алуу борбор (мындан ары – КААБ”-Беловодский айыл өкмөтү түзгөн коммерциялык эмес уюм (мындан ары ЖӨБО)- аймакта укук бузууларды алдын алууну уюштурууда жана өткөрүүдө ЖӨБОнүн жана жарандардын биргеликте катыштыруу максатында.
Коммерциялык эмес уюмдун толук аталышы:
мамлекеттик тилде: “Беловодский айылдык аймагынын Коомдук алдын-алуу борбору” Коомдук бирикмеси”;
официалдуу тилде: “Общественное объединение “Общественно-профилактический центр “Беловодского айыльного аймака”.
Коммерциялык эмес уюмдун кыскартылган аталышы:
мамлекеттик тилде: “Беловодский айылдык аймагынын “КААБ” КБ
официалдуу тилде: “ОО” ОПЦ Беловодского айыльного аймака”.
КААБ өзунүн ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын
“ Кыргыз Республикасында укук бузууларды алдын-алуу жөнүндө” Мыйзамына ылайык ишке ашырат, укук бузууларды алдын-алуу тармагындагы Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актылары, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдер өз күчүнө кирген коюлган мыйзам иретине ылайык, жана берилген Устав менен.
КААБдын ишмердүүлүгү мыйзамдуулук принциптеринде, өз эрки менен, инсанды урматто, мамлекеттик органдары , жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары жана калк менен байланышта түзүлөт.
КААБ өздүк юридикалык жак болуп саналат,өзүнүн аталышы көрсөтүлгөн мөөрү жана штампы мамлекеттик жана официалдуу тилде бар.
Коммерциялык эмес уюмдун юридикалык дареги:
_______________________________________________________________
КААБ кеңешинин -ар дайым иштеген органдын юридикалык дареги
__________________________________________________________________
КААБдын максаттары жана маселелери
КААБ жергиликтүү коомчулукту, жарандык коомчулукту, айылдык аймакта жайгашкан менчик түрүнө карабай уюмдарды жана мекемелерди иш чараларды өткөрүүдө ЖӨБО кучтөрүн бириктирүү максаты бар, алар алдын алуу, табуу, укук бузууларды кесип өтүү, алардын болушуна түрткү болгон шарттарды болтурбоо,тартипти сактоо жана бекемдөөгө багытталган.
КААБдын приоритеттүү багытындагы ишмердүүлүгү болуп саналат:
жалпы алдын алууну камсыздоо (социалдык, экономикалык,саясаттык, укуктук жана башка криминогендик факторлорду активдүү колдонууда укук бузууларды болтурбоо)
жеке профилактика (укук бузууга шыктуу жактарды аныктоо, жана коомчулукка каршы көз караштарды жана орнотууларды жеңүү);
туура алдын-алуу (конкреттүү жактын укукка каршы фактыларынын мүнөзүн болтурбоо);
эртерээк алдын алуу (балдар жана өспүрүмдөр тарабынан укукка каршы аракеттерди болтурбоо);
КААБ маселелери өзүнө камтыйт:
укук бузууларды жана коомчулукка каршы аракеттерди алдын алуу жолу менен укукка каршы иштерден жарандардын укуктарын ,эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыздоо;
укукка каршы мүнөздүү жактарга жеке алдын-алуу таасир көрсөтүү;
укук бузууларды алдын алууга багытталган алдын –алуу чараларды кабыл алуу;
алдын алуу жана укук бузуулар суроолору боюнча мамлекеттик органдар, коомдук бирикмелер жана жарандар менен байланыш уюштуруу;
укуктук билимдердин пропагандасы;
өспүрүмдөрдүн кароосуздугун алдын-алуу боюнча иш-чараларда катышуу;
айылдык аймактын курамына кирген өзүнчө участоктордун мониторинг абалы жана укук бузуулардын динамикасы;
укук бузууларды алдын-алууга тийиштүү мыйзамдардын проекттерин жана башка нормативдик укуктук актыларды талкуулоодо катышуу,ылайыктуу сунуштарды даярдоо.
укук бузууларды алдын алуу системасын жакшыртуу, анда жергиликтүү коомчулуктун мүчөлөрүнүн катышуусун активдештирүү боюнча сунуштарды, сунуштамаларды даярдоо;
өзүнүн отурумдарында коомдук тартипти сактоо суроолорун жана кылмыштуулук менен күрөшүү, укук бузуулардын себептерин жана шарттарын жок кылуу, жарандардын мыйзамга баш ийүүчүлүгүн стимулдаштырууну карап чыгуу жана ушул багыттар боюнча мамлекеттик органдар үчүн конкреттүү сунуштамаларды иштеп чыгуу;
КААБдын ишмердүүлүгү камсыздалган аймактагы кылмыштуулук жана укук бузуулардын абалын анализдөө негизинде иштелип чыккан, профилактикалык иш-чаралар планына ылайык ишке ашырылат.
КААБдын укуктары жана милдеттери
КААБ өзүнө коюлган маселелерди чечүү үчүн укугу бар:
өзүнүн ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматты кенен жайылтууга;
өзунүн укуктарын , КААБ мүчөлөрүнүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын мамлекеттик бийлик органдарында, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарында жана коомдук бирикмелерде көрсөтүү жана коргоо;
өзүнүн уставдык максаттарын ишке ашырууга катынашы бар суроолор боюнча демилге менен чыгуу, мамлекеттик бийлик органдарына жана ЖӨБО сунуштарды киргизүү;
мамлекеттик бийлик органдарынан,жергилктүү өзүн өзү башкаруу органдарынан, коомдук бирикмелерден жана кызматтык жактардан керектүү маалыматты жана материалдарды коюлган иретте суроо;
өздөрүнүн отурумдарына өзүн өзү башкаруу органдарынын жактарын, ишканалардын, мекемелердин,уюмдардын коомдук бирикмелердин өкүлдөрүн чакыруу;
зарылдык болсо өздөрүнүн өкүлдөрүн мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруулар өткөргөн, КААБдын компетенциясына кирген кеңешмелерге, конференцияларга, семинарларга, жөнөтүү;
мыйзам жана тартипти бекемдөө суроолору боюнча тейлөө аймагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин, коммерциялык структуралардын жетекчилери менен кызматташуу;
мамлекеттик жана жеке уюмдар, физикалык жактар менен келишимдүү мамилелерге кирүү, Кыргыз Республикасынын мыйзамына жанжалданбаган жана КААБдын ишмердүүлүгүнүн максатына ылайык башка кыймылдарды аткаруу;
жалпы максаттарга жетиш үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен коюлган иретинде Кыргыз Республикасынын аймагында ассоциацияларды жана бирикмелерди түзүү, ички жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу, гранттарды жана башка трансферттерди алуу максатында укук бузууларды алдын –алууну ишке ашыруу суроолор боюнча программалардын ар кандай проекттерин иштеп чыгуу, анын ичинен эл аралык уюмдардын жана мекемелердин.
КААБ милдеттүү:
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ,берилген устав менен жана башка уюштуруучу иш кагаздары менен каралган жалпы принциптерди жана эл аралык укуктун нормаларын сактоо.
укук бузууну алдын –алуу суроолор боюнча бир жылда бир жолу өзүнүн жумушу жөнүндө жергиликтүү коомчулуктун жан ылайктуу деңгээлдеги укук коргоо органдарынын координациялык кеңешменини астында отчет берүү;
укук бузуу фактылары боюнча ички иштер органдарына маалымат берүү (мындан ары -ИИО) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чара көрүшөт;
коомдук бирикмелерди каттаган органдын суроосу боюнча жетекчилик органдары жана КААБдын кызматтык жактарынын чечимдеринин иш кагаздарын көргөзүү;
жарым жылдын жана бир жылдын жыйынтыгы боюнча өзүнүн жумушу жөнүндө Беловодский айыл өкмөтүнө маалымат берүү;
өз убагында нормативдик укуктук акттар менен коюлган ылайыктуу мамлекеттик органдарга ылайыктуу маалыматтарды жана отчетторду берүү;
КААБдын иштери жөнүндө массалык маалымат каражаттары жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын сайты аркылуу өз убагында коомчулукту маалымдоо;
КААБдын авторитети жана имиджи жөнүндө кам көрүү, анын идеяларын пропагандалоо;
КАБдын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери
КААБга мүчө болуш өз ыктыярынын негизинде ишке ашырылат, жеке жана (же) коллективдик иретинде, жеке арыздын жана (же) коллективдик кайрылуунун негизинде.
КААБ мүчөсү болуп жөндөмдүү, берилген шаарда,айылдык аймакта ар дайым жашаган , 18 жашка толгон, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, ИИО кызматкерлери, ИИО жана эмгек ардагерлери, аксакалдар сотунун өкүлдөрү, аялдар жана жаштар советинин өкүлдөрү, коммерциялык эмес уюмдардын, ошондой эле ишканалардын, окуу жайлардын жетекчилери, айылдык, шаардык кеңештердин депутаттары, кварталдык,үйлөрдүн, кондоминиумдардын төрагалары жана коомдук тартипти сактоо боюнча маселелерди ийгиликтүү аткарган өзүнүн моралдык –ишмердүүлүк сапаттары бар жарандар саналышат.
КААБдын мүчөлөрү өздөрүнүн милдеттерин аткарууда мамлекеттин коргоосунда турушат. Алардын кол тийбестиги, ар намысы кадыр баркы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен сакталат;
КААБдын мүчөлөрүнүн тең укуктары жана милдеттери бар.
КААБдын мучөсү укугу бар:
жалпы чогулуштарда каттышууга;
КААБдын жетекчилик жана көзөмөлдүк-ревизиялык органдарына шайлоо жана шайланууга;
анын ишмердүүлүгүнө байланыштуу суроолр боюнча КААБга сунуштарды киргизүүгө;
КААБдын пландаштырган иш-чаралары жөнүндө маалымат алууга;
КААБ өткөргөн иш-чараларда катышууга;
КААБдын мүчөсү милдеттүү:
КАБдын уставын сактоого;
КААБдын ишмердүүлүгүндө катышууга;
КААБдын жетектөөчү органдарынын чечимдерин аткарууга;
КААБ өткөргөн иш-чараларда жалпы чогулуштарда катышууга;
КААБда мүчөлүгү жокко чыгарылган учурлар:
өздүк арыздын негизинде;
КААБдын жетекчилигинин чечиминин негизинде КААБдан мүчөнү чыгаруу;
КААБдын мүчөсүнүн өлүмү;
КААБдын мүчөсү өзүнүн милдеттерин ден соолугуна байланыштуу аткарууга мүмкүнчүлүгү жок;
КААБдын мүчөсү жөндөмү жок деп саналса;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда;
КААБдан чыгаруу кийинки учурларда болот:
берилген Уставдын талаптарын бузуу;
жарандын ар намысын кадыр баркын бузган иштерди жазаса;
КААБдын иштеринде үч жолудан көп катышпаса;
Жетектөөчү органдар жана КААБ караган суроолор
КААБдын жогорку органы болуп жалпы чогулуш саналат.
Жалпы чогулуштун кворуму бар, эгерде чечимди кабыл алууда үчтөн бир мүчө катышса, коомдук бирикмелерде 100 көп,- 25 мүчөдөн аз эмес.
Жалпы чогулуштун компетенциясын кийинки суроолор түзөт :
Уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
КААБдын ишмердүүлүгүнүн приоритеттүү багытын ,анын мүлкүн колдонуу иретин аныктоо;
коомдук бирикменинин мүчөлүгүнөн алуу жана чыгаруу (эгерде башкалар устав менен табылбаса)
башкаруу органдарынын калыптануу ирети;
башка юридикалык жактардын ишмердүүлүгүндө катышуу;
реорганизациялоо жана жабуу;
башка суроолор;
КААБ жалпы чогулуш өткөрүү жолу менен жана мүчөлөрдү жазуу түрүндө суроо жолу менен чечим кабыл алат.
КААБдын жалпы чогулушу зарылдыкка байланыштуу бир жылда бир чогулат.
КААБдын ар дайым жетектөөчү органы болуп КААБ Кеңеши саналат (мындан ары Совет) КААБдын жалпы чогулушуна жана ЖӨБОгө отчет берет.
ЖӨБО аткаруучунун сунушу боюнча Кеңештин курамы жергиликтүү кеңештин чечими менен 2 жылдык мөөнөткө бекитилет.
Кеңештин курамына уюмдардын мекемелердин, окуу жайлардын жетекчилери, жергиликтүү кеңештин депутаттары, аткаруу ЖӨБОнун жумушчулары, кондоминиумдардын өкүлдөрү, балдар иштери боюнча комиссиялар, ИИОнун жана башка КААБдын мүчөлөрү болуп саналган укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, коомдук бирикмелердин, жергиликтүү коомчулуктун, жарандык коомдун өкүлдөрү.
Кеңештин чечимдери Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынан көпчүлүк добуш менен кабыл алынат.
Кеңештин компетенциясына киришет:
төраганы анын орун басарын жана жооптуу катчыны шайлоо;
укук бузууларды алдын алуу боюнча ишмердүүлүк программаларын бекитүү жана ишке ашыруу;
Кеңештин пландарын жана иш-чараларын бекитүү;
ЖӨБОнун жана КААБдын жалпы чогулушунун чечими менен аныкталган маселелерди ишке ашыруу;
КААБдын мүчөлүгүнө алуу жана андан чыгаруу;
коомчулукка, укук бузууларды алдын алуу боюнча суроолорду жана башка социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө активдүү катышкан жарандарга сыйлык берүү жөнүндө өтүнүчтөрдү киргизүү;
берилген Уставга карамакаршы турбаган Кыргыз Республикасынын нормативдик-уктук акттарына кирген, ЖӨБОнун локадык акттары менен башка суроолор.
Кеңеш коомчулук башатында иштейт. Кеңешти төрага жетектейт, ал жок убакта Кеңештин төрагасынын орун басары.
КААБ Кеңешинин төрагасынын компетенциясына кийинки суроолор кирет:
КААБдын жалпы чогулушунун чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөөнү уюштруу;
КААБды бардык мамлекеттик, жеке, коомдук уюмдарда жана уюмдарда ишеним кагазы жок көрсөтүү;
келишимдерди, макулдашууларды түзүү жана алардын күчүн жокко чыгаруу;
банкттарда эсеп ачуу жана КААБдын каражаттарын пайдалануу;
КААБдын, Кеңештин жалпы чогулуштун компетенциясына кирбеген башка ыйгарым укуктар;
Кеңештин ишин уюштурууну камсыздоону Кеңештин жооптуу катчысы ишке ашырат.
Анын ишмердүүлүгүнүн приоритеттүү багыттары боюнча Кеңештин чечими боюнча, материалдарды жана сунуштарды Кеңештин отурумдарына даярдаш үчүн, башка суроолорду чечиш үчүн туруктуу жана убактылуу группалар жана секциялар түзүлөт, анын ишмердүүлүгүн башкаруу Кеңештин мүчөлөрү ишке ашырышат.
Кеңештин отурумдары бир кварталда бир жолу өткөрүлөт. Зарылдык учурунда Кеңештин кезексиз отурумдары өткөрүлөт.
Кеңештин отурумун Кеңештин төрагасы өткөрөт.
Кеңештин отуруму укуктуу болуп саналат эгерде анда жарымысынан аз эмес Кеңештин мүчөлөрү катышса.
Кеңештин чечимдери Кеңештин мүчөлөрүнүн отурумда болгон жөнөкөй добуштардын көпчүлүгү менен кабыл алынат жана Кеңештин төрагасы же отурумда төрагачылык жактар кол койгон протокол менен катталат.
Кеңештин чечимдери сунуштама мүнөздө болот.Кеңештин кабыл алынган чечимдери, сунуштары, жөнүндө маалымат бийлик органдарына, коомчулукка массалык маалымат каражаттар,коммуникативдик байланыштар аркылуу жеткирилет.
КААБдын Уставына Реорганизация, ликвидация, ошондой эле өзгөртүүлөрдү киргизүү ирети
КААБдын Уставына Реорганизация, ликвидация, ошондой эле өзгөртүүлөрдү киргизүү КААБдын жалпы чогулушунун чечими боюнча ишке ашырылат же соттун чечимИ боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган негизги иретинде.
Реорганизация,ликвидация жөнүндө чеимди,ошондой эле КААБдын Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү КААБдын жалпы чогулушунда катышкандардын 2/3 добуштарынан аз эмес кабыл алынат
КААБдын Уставына бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор мамлекеттик каттоо иретинде мыйзамдаштырылып киргизилет жана бул каттоо учурунда юридикалык күчүн алат.
Юридикалык жактардын жалпы мамлекеттик реестрине ылайыктуу жазуу киргизилген убакыттан баштап КААБ өзүнүн ишмердүүлүгүн токтотту деп саналат.
Мыйзамдарды бузууда жоопкерчилик
КААБдын мыйзамдулугун бузган учурда анын мучөлөру Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
Ревизиялык-көзөмөлдүү орган
КААБдын каржылык жана чарбалык ишмердүүлүгүн КААБдын 2 жылдык мөөнөткө шайланган жалпы чогулушу менен көзөмөлдөөнү Ревизиялык комиссия (Ревизор) ишке ашырат.
КААБда жетектөөчү жана аткаруучу кызматын ээлеген жактар Ревизилык комиссиянын (Ревизор) мүчөсү боло албайт.
Ревизиялык комиссия (Ревизор) жалпы чогулушка отчет берет.
КААБдын кызматтык жактары Ревизиялык комиссияга (Ревизорго) өздөрүнүн функцияларын аткарууга көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
Каржылык жана чарбалык ишмердүүлүк жана КААБдын мүлкү
КААБдын ишмердүүлүгү кийинки булактардан каржыланат:
жергиликтүү бюджет жергиликтүү башкаруу органдары менен макулдашу боюнча;
юридикалык жана физикалык жактардын өз эрки менен төлөгөн төлөмдөр;
гранттар жана башка бекер жана кайтарылбас жардам;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган башка булактар, кайтарылган жана төлөөүүчү алуулардын каалаган формада тартуудда чыгарганда.
Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органы башка суроолрду коомдук тартипти сактоо жардамына бергенге укугу бар, анын ичинен КААБдын бузууларды алдын-алуу, бир убакта аныктоо жана каражаттарды берүү же берилген ыйгарым укукту каржылык камсыздоо булактарынан.
Укук бузууларды алдын-алуу суроолор боюнча ыйгарым укугу жөнүндө чечим алардын каржылык камсыздоосун аныктоо жергиликтүү өзүн өзү башкаруунун аткаруу органы менен жергиликтүү кеңеш менен макулдашуу боюнча кабыл алынат.
Ишканалардын,мекемелердин жана уюмдардын менчик түрүнө карабай жетекчилери өздөрүнүн ыйгарым укук чегинде КААБдын материалдык жана моралдык сыйлык берүү жана демилге берүү чараларын колдоно алышат.
КААБ берген материалдык жана материалдык эмес активдер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык КААБдын оперативдик башкармалыгына берилет.
Төрага | Т.Конушбаев |