Загрузка документа…
БЕЛОВОДСКИЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017 жылдын 29 октябры № 38
“Бишкек-Кара-Балта участогу ЦАРЭС-3 фаза4 унаа коридорун актоо жана мыктылоо үчүн кум-гравий аралашмасын иштеп чыгууга жана казууга жер участокторун убактылуу берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жер байлыктары жөнүндөгү” Мыйзамынын,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004 жылынын бугу айынын21 “Кыргыз Республикасындагы унаа жолдорун куруу,актоо жана мыктылоо инвестициялык проекттерин ишке ашыруу жөнүндө” № 374 Токтомунун,Кыргыз Республикасынын өнөр жай энергетика жана жер байлыктарын колдонуу Мамлекеттик комитетинин 2017 жылынын бугу айынын 25 убактылуу уруксаатынын жана Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министерствонун проектисинин координаторунун 2017 жылдын кулжа айынын 07 Беловодский айыл өкмөтүнө кайрылуусунун негизинде, бул проекттин маанилүүлүгүн эсепке алып Беловодский айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Бишкек-Кара-Балта участогунун ЦАРЭС-3 фаза4 унаа коридорун актоо жана мыктылоо үчүн кум-гравий аралашмасын иштеп чыгууга жана казууга “Ак-Суу-2”-4.22 га жана “Ак-Суу-1” -1.2 га жер участокторун проектте аныкталган 3 жылга (2017-2020) берүүгө макулдук берилсин.
2. Беловодский айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын жер байлыктарын колдонуу боюнча мыйзамынын бардык ченемдерин сактап жер участокторун берүүгө керектүү документтерди даярдасын.
3. Кыргыз Республикасынын жер мыйзамына ылайык район аралык маанидеги мал айдоочу трасса боюнча суроо чечилсин.
4. Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары менен байланышта Кыргыз Республикасынын мыйзамыга ылайык кум-гравий казууда ар дайым мониторинг өткөрүлсүн.
5. Кум-гравий аралашмасын иштеп чыгуу проектисине ылайык рекультивация өткөрүү иштерин аяктоо боюнча көзөмөлгө алынсын.
6. Жооптуу катчы берилген токтомду Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук акттардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстициялык башкармалыгына каттого жиберсин.
7. Берилген токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Беловодский айыл окмөтүнүн башчысы Б.Т. Төлөмүшевге жүктөлсүн.
Төрага | Т.Конушбаев |