Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын -9-июну № 114/ХХ1У-26
Нурманбет айылдык кеңешинин 2004-жылдын 17-ноябрындагы №8/11-24 “Нурманбет айылдык кеңешинин чектерин аныктоо боюнча материалдары менен макулдашуу жөнүндө” токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Нурманбет айылдык кеңешинин кезексиз сессиясында Нурманбет айыл аймагынын А.Токтоналиев айылынын А.Төлбашиев көчөсүнүн тургундарынын жана айылдык кеңешинин депутаттарынын Нурманбет айылдык кеңешинин 2004-жылдын 17-ноябрындагы №8/11-24 “Нурманбет айылдык кеңешинин чектерин аныктоо боюнча материалдары менен макулдашуу жөнүндө” токтомун жокко чыгаруу жана бул көчөнү кайра Нурманбет айыл аймагына өткөрүп берүү жөнүндөгү кайрылуусун талкуулап айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нурманбет айылдык кеңешинин 2004-жылдын 17-ноябрындагы №8/11-24 “Нурманбет айылдык кеңешинин чектерин аныктоо боюнча материалдары менен макулдашуу жөнүндө” токтому жокко чыгарылсын.
2. Нурманбет айылдык аймагынын чектери 2004-жылга чейинки чектеринде калтырылсын.
3. Ысык-Ата райондук кеңешинин 2005-жылдын 27-январындагы №329/ХХУ1-23 “Ысык-Ата районунун Кант шаардык кеңешинин жана айылдык кеңештеринин чектерин бекитүү жөнүндөгү” токтомунун Юрьевка айыл өкмөтүнө өтүп кеткен 17,7га,анын ичинен 8,5га айдоо аянты,Нурманбет айыл өкмөтүнө өткөн 1,9га жерлери тууралуу бөлүгүн жокко чыгаруу тууралуу Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
4. Нурманбет айылдык кеңешинин ушул токтомун бекитип берүү Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
Төрага | Ш.Андашов |