Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын -9-июну № 118/ХХ1У-26
Каржы каражатын бөлуштүрүү жөнүндө
Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында айыл өкмөтүнүн каржы каражатын сарптоо боюнча маселесин карап жана талкуулап айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нурманбет айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын үнөмдөлгөн калдыгынан Көчмөндөр оюнуна 20,0 мин сом каралсын.
2. Нурманбет айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын үнөмдөлгөн калдыгынан Чүй областтын 90-жылдыгына 4 миң сом. Жусуп Баласагындын 1000- жылдыгына 10,0 миң сом каралсын.
3. Нурманбет жана А Токтоналиев айылынын тургундары ден-соолугуна байланыштуу матералдык жардам катары 15,0 мин сом үнөмдөлгөн калдыктан каралсын.
4. Раздел 70111 статья 2215 -44,1 мин сом, статья 2823 +44,1 мин сом жылдырылсын
5. Айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин жергиликтүү өз алдынча башкаруу күнүнө карата сыйлоого үнөмдөлгөн калдыктан бир айлык акы каралсын.
6. С.Джумалиевдин 75- жылдыгына 10,0 мин сом каралсын.
7. 2017-жылы үлүштүк гранттын негизинде оңдолуп курула турган үй-бүлөөлүк дарыгерлер тобунун имаратына 245,0 миң сом 2017-жылдын бюджетинен каралсын.
8. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө Нурманбет айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ш.Андашов |