Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
4-сессиясы
2017-жылдын 22-июну №17/IV-27
Кант шаарынын Советский көчөсүн Куттубек Тагаев атындагы көчө кылып өзгөртүү жөнүндө
Шаар курулуш, өнөр жай, транспорт, коммуникация жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин жана Бирдик айылдык кеңешинин көчөгө Куттубек Тагаевдин атын ыйгаруу (көзү өткөндөн кийин) өтүнүчүн карап чыгып
Куттубек Тагаев:
1970 - 1985 жылдары Кант районундагы Жданов атындагы колхоздун зоотехниги Кыргыз МИСинин жетекчиси, Кант мал семиртүү совхозунун бригадири, Фрунзе колхозунун башкы зоотехниги болуп иштеген;
1986- жылы Кант Госспецхоздун директору;
1992-2003-жылдары Ысык-Ата, Кант райондорунун алгач айыл чарба башкармалыгынын орун басары, андан соң башчысы болуп эмгектенген;
2003-жылы Ысык-Ата райондук кеңешинин төрагасы болуп шайланган;
Куттубек Тагаевич Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын 1-орун басары да болгон, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын кеңешчисинин 1-класстагы чининин ээси болгон.
Сыйлыктары:
- 1974-жыл - Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин грамотасы;
- 1995-жыл - «Манас эпосуна 1000 жыл» юбилейлик медалы;
- 1995-жыл - Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы;
- 2000-жыл - Кыргыз Республикасынын айыл чарбасынын эмгек сиңирген кызматкери;
- 2004 - жыл - “Кант шаарынын ардактуу атуулу” наамы;
- 2006- жыл – Чуй областык мамлекеттик администрациясынын “Өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн” төш белгиси;
- 2010 жыл - Чуй областык мамлеттик администрацисынын “Кеменгер” төш белгиси;
- 2012 - жыл - “Ысык-Ата районунун Ардактуу атуулу” төш белгиси;
1995-2000- жылдары Кант райкеңешинин депутаты;
1995-2000- жылдары Чүй облустук кенешинин депутаты;
2000 – 2005- жылдары Ысык-Ата райкеңешинин депутаты;
2008-2012- жылдары Ысык-Ата райкенешинин депутаты болуп шайланган.
52 жыл район үчүн зор эмгек жасап, Ысык-Ата районунда туулуп-өскөндүгү үчүн сыймыктанып келген. Ал ийгиликсиз иштер үчүн санааркап, бардык ийгиликке төбөсү көккө жете кубанган, улууларды сыйлап, жаштарды Мекен үчүн жашап, иштеп, аны сүйүүгө чакырган.
Куттубек Тагаев үлгүлүү жана үй-бүлө башчысы, беш баланын сүйүктүү атасы болгон. Куттубек Тагаевдин ысымы өсүп келе жаткан муунга татыктуу мисал боло алат.
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кант шаарындагы Советский көчөсү Куттубек Тагаев атындагы көчө болуп өзгөртүлсүн.
2. Көчөнүн атын өзгөртүүнүн демилгечилери жөнөтүлөн токтомдун негизинде уюштуруучулук жана каржы маселелерин чечсин.
3. Ысык-Ата райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктү каттоо башкармалыгы (Шамшиев М.Ч.) и Ысык-Ата райондук архитектура жана шаар курулуш башкармалыгы (Мамыркулов Э.Н.) эсептик жана инвентаризациялык маалыматтарга ылайыктуу өзгөртүүлөрү киргизишсин.
4. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жиберилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин шаар, курулуш, өнөр жай, транспорт, коммуникация жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Сулайманов Н.И.) жана Кант шаарынын вице-мэрине (Мусаев У.М.) жүктөлсүн.
Төрага | С.Дунганов |