Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-сентябры № 45/9-7
“Кара-Көл шаардык Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн 2016-жылда жана 2017-жылдын 6 айында аткарган иштери жөнүндө ”
Кара-Көл шаардык Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Д.М. Алымбаевдин Кара-Көл шаардык Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн 2016-жылда жана 2017-жылдын 6 айында аткарган иштери жөнүндө отчетун, шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.С.Джуробаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги IX сессиясы төмөндөгүлөрдү белгилейт.
Кара-Көл шаардык Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмү 2016-жылы календардык планга ылайык шаардык, областтык , республикалык, эл аралык, дүйнөлүк денгээлдеги спорттук иш- чараларга катышып турган.
2016-жылы жалпысынан 23 шаардык мелдеш, 13 областтык, 16 республикалык, 3 шаарлар аралык, 1 эл аралык, 1 дүйнөлүк мелдештер өткөн. Шаардык спортчулар жалпысынан 60 алтын, 55 күмүш, 45 коло медалга жетишкен.
2017-жылдын 6 айында өткөрүлгөн спорттук иш-чараларга шаарыбыздын спортчулары катышып 30 алтын, 35 күмүш, 30 коло медалга жетишкен.
Кара-Көл шаарында эркин күрөш, футбол боюнча жакшы өсүш жана жетишкендиктер бар. Спорттун башка түрлөрүнө дагы терең көңүл бөлүнүп, ийгиликтерге жетишүүгө шарт түзүү абзел.
Шаарыбызда тогуз коргоол оюнуна көңүл бөлүнбөй, жаш спортчулар тарбияланбай жатат. Спорттун бул түрүнө да көңүл бөлүнүшү керек.
Жогорудагылардын негизинде Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кара-Көл шаардык Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Д.М. Алымбаевдин Кара-Көл шаардык Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн 2016-жылда жана 2017-жылдын 6 айында аткарган иштери жөнүндө отчету, шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.С.Джуробаевдин билдирүүсү эске алынсын.
Кара-Көл шаардык Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Д.М. Алымбаевдин Кара-Көл шаардык Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн 2016-жылда жана 2017-жылдын 6 айында аткарган иштери жөнүндө отчету сын-пикирлер менен канааттандырарлык деп табылсын.
Кара-Көл шаардык Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмү (Д.М.Алымбаев) спорттун бардык тармактарын өнүктүрүүгө, анын ичинде бокс, тогуз коргоолду өнүктүрүү боюнча шарттарды түзүү боюнча иш-аракеттерди жүргүзсүн .
Кара-Көл шаардык Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмү (Д.М.Алымбаев) Кара-Көл шаарындагы спорт жаатында иш алып барган бардык мекеме-ишканалардын, спорт клубдарынын, спорт федерацияларынын, балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин ишин координацияласын.
Кара-Көл шаардык балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин директору У.Э.Садабаев бокс секциясына бөлүнгөн каражатка алынып жаткан спорттук шаймандардын сапатын көзөмөлгө алсын.
Кара-Көл шаардык балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин директору (У.Э.Садабаев) Кара-Көл шаардык кеңешинин сессиясында жүрүм-турум этикасынын эрежелерин сактабагандыгы үчүн окуу бөлүмүнүн башчысы С.Э.Дуйшебаеванын жоопкерчилигин карасын.
Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кара-Көл шаардык Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнө (Д.М.Алымбаев), ал эми көзөмөлдөө шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.С.Джуробаев) жүктөлсүн.
Төрага | Н. Кыргызалиев |