Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-сентябры № 47/9-7
“Кара-Көл шаардык бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2017-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен аткарылышы боюнча шаардын 1- вице- мэри Өскөн уулу Калыбайдын маалыматы жөнүндө”
Кара-Көл шаардык бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2017-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен аткарылышы боюнча шаардын 1- вице-мэри Өскөн уулу Калыбайдын маалыматын, Кара-Көл шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.К.Чаргыновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги IX сессиясы төмөндөгүлөрдү белгилейт.
Кара-Көл шаардык кеңешинин 27.04.2017-ж. № 20/4-7 сандуу токтому менен шаардык бюджеттин киреше бөлүгү 86 498,4 миң сом өлчөмүндө, ал эми атайын каражатсыз( атайын каражат 6500,0 миң сом) 79 998,4 миң сомго бекитилген. Кара-Көл шаардык бюджеттин киреше бөлүгү 2017-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен бекитилген план активдер жана милдеттенмелерди, атайын каражатты кошуп эсептегенде 73% га аткарылды, башкача айтканда 11 334,2 миң сомго аз, ал эми актив , милдеттенмелерсиз, атайын каражатты кошпогондо 70,5% га аткарылды. Башакча айтканда 11854,5 миң сомго аз аткарылып, салыктардын жана жыйымдардын 5 түрүнөн жалпы 13 962,4 миң сомго план аткарылган эмес. Алардын ичинен салыктын 3 түрү шаардык салык кызматына тиешелүү болсо ( салык агенти төлөөчү киреше салыгы- 577,9 миң сом; сатуудан алынуучу салык 13 288,2 миң сом; ыктыярдуу патенттин негизинде салык-9,3 миң сом;), ал эми 2 түрү муниципалдык менчик башкармалыгына тиешелүү жыйымдар ( жер ижарасы үчүн акы төлөө – 40,0 миң сом, муниципалдык менчиктеги имарат жайлардын ижарасы үчүн акы төлөө -47,0 миң сом).
Жыл ичинде салыктардын жана жыйымдардын, айрыкча сатуудан алынуучу салыктын салыктык базаларын анализдөөнүн негизинде салыктык базанын төмөндөп кеткендигине байланыштуу шаардык бюджетти балансташтыруу максатында бектилген планга салыштырмалуу такталган план 12 237,2 миң сомго азайтылган ( бектилген план 43 140,9 миң сом, такталган план 30 903 миң сом ). Сатуудан алынуучу салыктын планы 12 237, 2 миң сомго азайтылгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан жеткирилген такталган план 2017-жылдын 6 айында активдер жана милдеттенмелерди, атайын каражатты кошуп эсептегенде 102% га же 903,0 миң сомго ашык, ал эми активдер жана милдеттенмелерсиз, атайын каражатты кошпогондо 101,4 % га же 382,7 миң сомго ашык аткарылган.
Ошол эле мезгилде салыктардын жана жыйымдардын 5 түрүнөн жалпы 1432,5 миң сомго план аткарылган эмес.
Планда каралбаган кирешелер боюнча жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн акы “ Азия Гольд Компани” ЖЧКсы -75,7 миң сом, “Шамшыкал-Ата компани” ЖЧКсы 66,9миң сом, “ Кыргыз Нефть газ” ААКу- 13,5 миң сом төлөгөн. Экономикалык кылмыштар боюнча келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча шаардык билим берүү бөлүмү – 55,0миң сом, мамлекеттин пайдасына айланган кирешелерден – 60,6 миң сом акча каражаты түшүп, жалпы планда каралбаган 271,7 миң сом кошумча каражат топтолгон.
Атайын каражат боюнча план 108,5%, же 248,8 миң сомго ашык аткарылган. Атайын каражат боюнча план шаардык билим берүү бөлүмүнүн эсебинен ашыкча аткарылган. Мекемеге бекитилген план 2 835,2 миң сом болсо, факт менен 3 173, 8 миң сом түшүрүлгөн, планды 110,2 % га аткарган. Ал эми ШММБгы планды 66% га же 13, 3 миң сомго аз , “ Кара-Көл нуру” гезитинин редакциясы планды 46,8 % га же 26,6 миң сомго аз аткарган.
2017-жылдын 1 –июлуна карата кирешелердин жергиликтүү салык түрлөрү боюнча өндүрүлбөй калган каражаттары 1 890,9 миң сомду түзгөн.
Кара-Көл шаардык кеңешинин 27.04.2017-ж. № 20/4-7 сандуу токтому менен бекитилген шаардык бюджетке ылайык 2017-жылдын 6 айынын бюджетинин чыгаша бөлүгү 42 013,8 миң сомду түзсө, атайын каражатсыз 40215,9 миң сомду түзүп, 2016-жылдын жыйынтыгы менен бош калган, үнөм жана сатуудан түшүүчү салык боюнча 2016-жылдын IV кварталынын жыйынтыгы менен пайда болгон 13 108,0 миң сомдук жоготууну республикалык бюджеттен компенсация катары алынган каражаттардын эсебинен сметада болгон өзгөртүүлөр менен такталган план 59616,6 миң сом, атайын каражатсыз 54893,7 миң сомду түзгөн. Каржылоо 33 791,4 миң сомду түзүп, план 56,7% аткарылган.
Бекитилген планга караганда такталган план 12 237,2 миң сомго азайтылгандыгына байланыштуу каржылоо массалык чектөөнүн негизинде ишке ашырылган.
Атайын каражатсыз такталган пландын негизинде каржылоо 30 617, 6 миң сомду түзгөн. Чыгымдардын 14 300,3миң сому же 46,7% корголгон беренелерди, ал эми 6 726,6 миң сому же 22% коммуналдык чыгымдарга, 9 590,7 миң сому же 31,3 % токтомдогу каралган башка чыгымдарга сарпталган.
Шаардык кеңештин 27.04.2017-жылдагы № 18/4-7 токтомундагы 2016-жылдын жыйынтыгы менен шаардык бюджетте пайда болгон үнөм, бош калган каражаттар 13,807,0 миң сомго бекитилип, анын 7 361,8 миң сому же 53,3%ы бюджеттик мекемелердин 2017-жылдын 1-январына пайда болгон кредитордук карыздарын жабууга пландаштырылган. Бул карыздардын 2 565,4 миң сому каржыланган. Ал эми 6 445,2 миң сому мэриянын “Өнүгүү бюджетине” багытталган, алардын 551,8 миң сому каржыланып, 27,4 миң сом үнөмдөлгөн.
Шаардык кеңештин 27.04.2017-жылдагы № 19/4-7 токтомунун 2016-жылдын IV кварталынын жыйынтыгы менен сатуудан түшүүчү салык боюнча шаардык бюджетте пайда болгон жоготууну республикалык бюджеттен шаардык бюджетке берилген компенсациялык бюджеттик каражаттары боюнча бекитилген 13108,0миң сомдук иш –аракеттерге 3 255,2 миң сому каржыланып, 60,6 миң сом үнөмдөлгөн.
Жылуулук боюнча Кетмен-Төбө жылуулук мекемесине болгон 1000,0 миң сомдук карыз шаардык бюджеттин тартыштыгынан каржыланган эмес. Калаган коммуналдык кызматка болгон карыздардын бардыгы жабылган.
Мэриянын резервдик фондусуна 2017-жылдын 6 айына 315,7 миң сом өлчөмүндө план бекитилген, анын 212,5 миң сому мэриянын тиешелүү буйруктарынын негизинде каржыланып ишке ашырылган.
Шаардык бюджеттин тартыштыгынан “Өнүгүү бюджетте” каралган иш-чараларды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк болгон эмес. Бюджеттик мекеме-ишканалардын корголгон беренелеринен башка беренелерге каралган каражаттар да каржыланбай келет. Бул иш-чараларды ишке ашыруу максатында шаардык салык кызматы конкреттүү чараларды көрүп, сатуудан алынуучу салыктын түрүнөн башка салыктардын планын ашыгы менен аткаруунун, жергиликтүү салык түрлөрү боюнча өндүрүлбөй калган каражаттарды өндүрүүнүн үстүндө иштеши керек.
Жалпы мамлекеттик салыктын түрүнө кирген сатуудан алынуучу салык боюнча 2017-жылга Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан 28 000,0миң сомдук план жеткирилип бекитилген. 31.12.2015-жылдагы салык кодексине киргизилген өзгөртүү, толуктоолорго байланыштуу сатуудан алынуучу салык төлөнбөй калгандыктан 2017-жылдын 1 кварталынын жыйынтыгы менен пайда болгон 14 419,2миң сомдук түшүү, жоготуунун ордун толтуруу боюнча шаардык мэрия, шаардык салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгы мыйзам чегинде иш алып баруусу зарыл.
Жогорудагы айтылгандардын негизинде Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кара-Көл шаардык бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2017-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен аткарылышы боюнча шаардын 1-вице-мэри Өскөн уулу Калыбайдын маалыматы, Кара-Көл шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.К.Чаргыновдун билдирүүсү эске алынсын.
Кара-Көл шаарынын мэриясы (И.М. Еркеев), мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаары боюнча башкармалыгы (Т.Т.Муратов), Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгы
(Ж.Т.Осмонкулов) шаардык бюджетте пайда болгон жоготуулардын ордун
толтуруу боюнча чараларды көрүп, мыйзам чегинде иш алып барсын.
Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаары боюнча башкармалыгына ( Т.Т. Муратов) сатуудан алынуучу салыктын түрүнөн башка салыктардын планын ашыгы менен аткаруу, жергиликтүү салык түрлөрү боюнча өндүрүлбөй калган каражаттарды өндүрүү боюнча конкреттүү иштерди аткаруу милдеттендирилсин.
иципалдык менчикке тиешелүү салыктардын, жыйымдардын 2017-жылга бекитилен план- милдеттенмелерин ашыгы менен аткаруу, өндүрүлбөй калган каражаттарды өндүрүү муниципалдык менчик башкармалыгына ( Э.Э.Бабаканов) милдеттендирилсин.
Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга ( И.М. Еркеев), мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаары боюнча башкармалыгына ( Т.Т. Муратов), Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгына (Ж.Т.Осмонкулов) ал эми көзөмөлдөө шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына ( А.К.Чаргынов) жүктөлсүн.
Төрага | Н. Кыргызалиев |