Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-сентябры № 48/9-7
“Кара-Көл шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын 2016- жылда, 2017-жылдын 6 айында аткарган иштери жөнүндө”
Кара-Көл шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын 2016-2017-жылдын 6 айында аткарган иштери жана иш пландары жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги IX сессиясы төмөндөгүлөрдү белгилейт.
Кара-Көл шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы 1999-жылы түзүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунун, Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын жер кодексинин негизинде иш жүргүзүүдө.
Азыркы учурда шаардык мамлекеттик каттоо башкармалыгында 14 адам эмгектенүүдө. Башкармалыкта эки бөлүм: жерге жайгаштыруу жана каттоо бөлүмдөрү шаар жарандары менен иш алып барышып 2016-жыл ичинде бекитилген 2710,0 сом план 3005,3 сомго башкача айтканда 110,9 пайызга аткарылган.
Каттоо бөлүмү боюнча:
2016-жыл ичинде шаар жарандарынан кыймылсыз мүлк бирдигине ар кандай маалымат кат үчүн 1424 арыз түшкөн. Анын ичинен 1170 жаранга жана 254 жаранга кыймылсыз мүлк бирдигинин бирдейлештирилген маалымат системасынан кыймылсыз мүлк бирдиги бардыгы же жоктугу жөнүндө маалым каттар берилген. Жыл ичинде 1315 кыймылсыз мүлк бирдигинин укугу каттоодон өтүп, анын ичинен 257 кыймылсыз мүлк бирдиги нотариалдык күбөлөндүрүүсүз сатуу жана сатып алуу келишиминин негизинде, 15 кыймылсыз мүлк бирдиги мураска калтыруу келишими. 45 кыймылсыз мүлк бирдиги мураска калтыруу келишими, 77 кыймылсыз мүлк бирдиги нотариалдык күбөлөндүрүүсүз белекке берүү келишиминин негизинде мамлекеттик каттоодон өткөн.
Жерге жайгаштыруу бөлүмү боюнча:
2016-жыл ичинде шаарыбыздын жарандарынан жер маселеси боюнча 448 арыз түшүп, анын ичинен 8 мекеме –ишканалардан калганы жеке жарандардан түшкөн.
Арыздардын жана шаардык мэрия, айыл өкмөттөрүнүн чечимдеринин негизинде жерге жайгаштыруу бөлүмү тарабынан төмөндөгү жерлерге укуктук документтер даярдалган.
Жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт – 147, анын ичинен жерди убактылуу пайдалануу укугуна күбөлүк 89 жаранга, жеке менчик жөнүндө күбөлүк 6 жаранга, мөөнөтсүз пайдалануу укугу жөнүндө мамлекеттик акт 8 ишкана-мекемелерге берилген. Муниципалдык менчик башкармалыгы сураган жер тилкелерине тактоо иштери жүргүзүлүп, 198 корутунду даярдалган.
Каттоо бөлүмү боюнча:
Каттоо бөлүмүнө 2017-жылдын 6 ай ичинде 523 кыймылсыз мүлк бирдигинин укугу каттоодон өтүп, анын ичинен 134 кыймылсыз мүлк бирдиги нотариладык күбөлөндүрүүсүз сатуу жана сатып алуу келишиминин негизинде, 4 кыймылсыз мүлк бирдиги нотариладык күбөлөндүрүү сатуу жана сатып алуу келишиминин негизинде, 24 кыймылсыз мүлк бирдиги мураска калтыруу келишиминин негизинде, 27 кыймылсыз мүлк бирдиги нотариладык күбөлөндүрүүсүз белекке берүү келишиминин негизинде, 2 кыймылсыз мүлк бирдиги алмаштыруу келишиминин негизинде каттоодон өткөн. Күрөөгө коюлган кыймылсыз мүлк бирдигинин саны 290, ижарага берилген кыймылсыз мүлк бирдигинин саны 27, сот жана прокуратура тарабынан камака коюлган кыймылсыз мүлк бирдигинин саны 15, ал эми 892 кыймылсыз мүлк бирдигине ар кандай келишимдер үчүн маалыматтар (справкалар) берилген.
Жерге жайгаштыруу бөлүмү боюнча:
2017-жылдын 6 ай ичинде шаарыбыздын жарандарынан жер маселеси боюнча 233 арыз түшүп, анын ичинен 5 мекеме-ишканалардан, калганы жеке жарандардан түшкөн.
Арыздардын жана шаардык мэрия, айыл өкмөттөрүнүн чечимдеринин негизинде жерге жайгаштыруу бөлүмү тарабынан төмөндөгү жерлерге укуктук документтер даярдалды.
Жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт –79, анын ичинен жерди убактылуу пайдалануу укугуна күбөлүктөр 25, корутунду 116, жер үлүшүнө болгон жеке менчик күбөлүгү 10, жер участогуна мөөнөтсүз пайдалануу укугуна мамлекеттик акт 3 берилген. .
Жогоруда берилген укук тастыктоочу документтер шаардык мэриянын, айыл өкмөттөрүнүн чечимдеринин жана шаардык муниципалдык башкармалыгынын ижара келишиминин негизинде жана шаардык архитектура башкармалыгынын макулдугу менен бекитилип берилген.
Башкармалыктын жалпы бөлүмүнө ар кайсы мекеме ишканалардан жалпы 814 кат келген анын ичинен 660 катка жооп берилген. 154 даанасы таанышууга жолдонгон.
Азыркы учурда мамлекеттик каттоодон өтө элек кыймылсыз мүлктөр бар. “Кыймылсыз мүлктү мамлекеттик каттоо” мыйзамынын 4 беренесине ылайык алар каттоодон өткөрүүгө тийиш.
Жогорудагы айтылгандардын негизинде Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кара-Көл шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын 2016-жылга жана 2017-жылдын 6-айына аткарган иштери жөнүндө башкармалыктын башкы каттоочусу С.Т.Батыркулованын маалыматы эске алынсын.
Шаардагы ар кандай объектилерге жана башка имараттарга жер тилкесин сунуштоодо генпландын талаптарын сактоо менен бирге мыйзам чегинде иш алып баруусу Кара-Көл шаардык мэрияга (И.М.Еркеев), Кара-Көл шаарынын шаар курулуш жана архитектура башкармалыгына (Ызаков Б.С.), Кара-Көл шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына (Сооронбаева Г.Р.) милдеттендирилсин.
Шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына, муниципалдык менчикте турган мамлекеттик каттоодон өткөрүлө элек обьектилерди (шаардагы мүрзөлөр, жаңы курулган балдар аянтчалары, 7-чи аянтчадагы жаңы курулган аллея, жалпы колдонуудагы жерлер) 2018-жылга мамлекеттик катоодон өткөрүүнү пландаштыруу милдеттендирилсин.
№30 жол тейлөө ишканасы, РЭТи ишканасы өзүлөрүнө тиешелүү курулмаларды 2018-жылга мамлекеттик каттоодон өткөрүүнү пландаштырсын.
Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кара-Көл шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына (Сооронбаева Г.Р.), ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш,архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына (А.О.Тайчабаров) жүктөлсүн.
Төрага | Н. Кыргызалиев |