Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-сентябры № 49/9-7
“Кара-Көл шаарынын шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын 2016- жылга, 2017-жылдын 6 айында аткарылган иштери жөнүндө”
Кара- Көл шаарынын шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысы Б.С.Ызаковдун 2016-жылга, 2017-жылдын 6 айында аткарган иштери жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги IХ сессиясы төмөндөгүлөрдү белгилейт.
Кара-Көл шаарынын шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгында 12 адам эмгектенет. 2016-жылдын 12 ай аралыгында ар кандай шаар куруу документерин даярдоо үчүн жарандардан жана мекемелерден түшкөн арыз каттардын саны баардыгы 1059 даана түшкөн, анын ичинен:
- 88 кат жогору турган мекемелерден,
- 91 кат шаар ичиндеги мекеме-ишканалардан,
- 880 арыздар мэрия жана ММБ тарабынан түшкөн (жарандардын арыз, каттары).
Жогорудагы көрсөтүлгөн, жогорку мекемелерден түшкөн 88 каттын талаптары толугу менен өз убагында аткарылган, калган 103 кат арыздардын талаптарына мыйзам чегинде жообу берилген.
Секторлор боюнча, 2016-жылдын өндүрүштүк көрсөткүчтөрү төмөндөгүдөй:
1. АПШ жана ИТШ (Архитектуралык-пландоо жана инженердик- техникалык шарттары) сектору -12 санда буйрутмачыларга даярдалып өз убагында «Бирдиктүү терезе принцибинин» негизинде берилди.
2. Долборлоо сектору – 4 санда ар кандай объектилерге шаар ичине курууга долбоор түзүлүп берилген.
3. Жеке менчик турак үй куруу сектору – 28 жер тилкеси бөлүнүп жана 12 жеке менчик турак үй курулуп бүтүп, 2724,4 м2 аянты пайдаланууга берилген.
4. Геодезиялык сектору – 126 жер участкаларынын ситуациалык схемалары түзүлүп, корутунду даярдалып, муниципиалдык менчик башкармалыгына тиешелүү комиссияга кароого жүнөтүлгөн.
2017-жылдын 6 ай аралыкта ар кандай шааркуруу документтерин даярдоо үчүн жарандардан жана мекемелерден түшкөн арыз каттардын саны 575 анын ичинен 44 кат жогору турган мекемелерден, 84 кат шаар ичиндеги мекеме ишканалардан, 446 арыздар мэрия жана муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан түшкөн (жарандардын арыз, каттары).
Жогорудагы көрсөтүлгөн, жогорку мекемелерден түшкөн 44 каттын талаптыры толугу менен өз убагында аткарылган калган 531 арыз каттардын ичинен 144 арыз каттардын талаптары аткарылып, калган 387 кат арыздардын талаптарына мыйзам чегинде жообу берилген.
Секторлор боюнча, 2017-жылдын 6 айлык өндүрүштүк көрсөткүчтөрү төмөндөгүдөй:
1. АПШ жана ИТШ (Архитектуралык-пландоо жана инженердик- техникалык шартары) сектору -12 санда буйрутмачыларга даярдалып өз убагында «Бирдиктүү терезе принцибинин» негизинде берилген.
2. Долборлоо сектору – 11 санда ар кандай объектилерге шаар ичине курууга долбоор түзүлүп берилген.
3. Жеке менчик турак үй куруу сектору –11 жеке менчик турак үй курулуп бүтүп, 1064,41 м2 аянты пайдаланууга берилген.
4. Геодезиялык сектору – 98 жер участкаларынын ситуациалык схемалары түзүлүп, корутунду даярдалып, муниципиалдык менчик башкармалыгына тиешелүү комиссияга кароого жөнөтүлгөн.
Шааркуруу кенешинде 2017-жылдын 6 ай аралыгында 4 отурум өткөрүлүп, 61 ар кандай объектилер боюнча маселелер каралган.
Жогорудагы белгиленгендердин негизинде Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги IХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара- Көл шаарынын шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысы Б.С.Ызаковдун 2016-жылда, 2017-жылдын 6 айындагы аткарган иштери боюнча маалыматы эске алынсын.
2. Шаар ичиндеги мыйзамсыз курулган жана архитектуралык талаптарга жооп бербеген ар кандай курулуштарга жол берилбесин. Кара-Көл шаарынын шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгына (Ызаков Б.С.), ГЭТИ (Жаналиева З.) менен биргеликте мыйзамсыз, документтери жок курулуштарды, ар кандай курулмаларды алдыруу боюнча иш жүргүзсүн.
3. Кара-Көл шаарынын шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгына (Б.С.Ызаков ) шаардагы ар кандай объектилерге жана башка имараттарга жер тилкесин сунуштоодо генпландын талаптарын сактоо менен бирге мыйзам чегинде иш алып баруусу милдеттендирилсин.
4. Кара-Көл шаарынын шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгына (Б.С.Ызаков), шаардын башкы планынын 2-5- этаптарын даярдап, шаардык кеңешке бекитүүгө сунуштоо жана шаардын бекитилген башкы планын калкка көрүнүктүү жерге илүү иштери жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кара-Көл шаарынын шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгына (Б.С.Ызаков), ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (А.О.Тайчабаров ) жүктөлсүн.
Төрага | Н. Кыргызалиев |