Редакцияот 20.09.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2017-жылдын 20-сентябры № 50/9-7

“Кара-Көл шаарынын экономикалык пландаштыруу зоналары жана аларга 2018-2020-жылдарга жер салыгын салуу үчүн коэффициенттерди (К3) белгилөө жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339-беренесинин 4-бөлүгүнүн талабына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Кара-Көл шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Т.Муратовдун кайрылуусун жана шаардык кеңештин бюджет экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.К.Чаргыновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги IX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кара-Көл шаарындагы калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарбасына арналбаган жерлерди пайдаланууда экономикалык пландаштыруу өзгөчөлүктөрүнө жараша төмөндөгүдөй зоналарга бөлүнөөрү бекитилсин:

I зона: Кара-Көл шаарынын Ак-Кыя, Канат, Ак-Шар, Чоң-Таш, Кайыңды, Жээн-Кыштоо, К.Кулданбаев, Ак-Таш көчөлөрү;

II зона: I зонада каралбаган Кара-Көл шаарынын көчөлөрү;

III зона:Ош-Бишкек жолунун жол огунан 100 метр аралыкта жайгашкан соода-сатык обьектилери, коммерциялык негиздеги тейлөө ишканалары жана коомдук тамактануу жайлары;

IV зона: Кетмен-Төбө, Жазы-Кечүү аймактары (III зонада көрсөтүлгөн аймактардан сырткары)

Кара-Көл шаарында калктуу конуштардын жерлерин жана айыл-чарбасына арналбаган жерлерди пайдалангандыгы үчүн 2018-2020-жылдарга жер салыгын төлөөдө экономикалык пландаштыруу өзгөчөлүктөрүнө жараша жер салыгынын төмөндөгүдөй коэффициенттери (К3) бекитилсин:

 I зона-0,6; II зона-1,2; III зона-1,2; IV зона-0,4.

Короо жай жана багбанчылык жер участкаларын пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын коэффициенттери (К3) 1,0 өлчөмүндө бекитилсин.

Бул токтом 2018-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.

Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (А.К.Чаргынов) жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Н. Кыргызалиев