Загрузка документа…
АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-февралы № 27/4
Айдаркен шаардык мэриясынын 2015-2017-жылдарга кабыл алынган социалдык экономикалык жактан өнүгүү программасын бекитүү жөнүндө
Айдаркен шаардык мэриясынын 2015-жылдын 16-февралындагы №7-токтому менен кабыл алынган «Айдаркен шаардык мэриясынын 2015-2017-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасы» шаардык Кеңештин сессиясынын күн тартибинде каралып, вице-мэр А.Т. Саитовдун билдируу маалыматын угуп, талкуулап Айдаркен шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айдаркен шаардык мэриясынын 2015-2017-жылдарга кабыл алынган социалдык-экономикалык өнүгүү программасы бекитилсин.
2. «2015-2017-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүү программасындагы белгиленген иш-чаралар жактырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын шаардын вице-мэри А. Саитовко милдеттендирилсин.
Төрага |
А. Гайназаров |