Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-сентябры № 52/9-7
“ Кара-Көл шаарынын муниципалдык менчигинде турган Серый көчөсүнүн 18-үйүнүн 15- батирин менчиктештирүүгө макулдук берүү жөнүндө”
Кара-Көл шаарынын муниципалдык менчигинде турган Серый көчөсүнүн 18-үйүнүн 15-батирин менчиктештирүүгө макулдук берүү жөнүндө шаардык мэриянын кайрылуусун угуп жана талкуулап чыгып, Серый көчөсүнүн 18-үйүнүн 15-батиринде 2009-жылдан бери жашап жаткан Кара-Көл шаарынын тургуну Ш. Макешованын үй –бүлөлүк шартын эске алып, Кыргыз Республикасынын “ Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 12-13 -статьяларын жетекчиликке алып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаарынын муниципалдык менчигинде турган Серый көчөсүнүн 18-үйүнүн 15-батирин Кара-Көл шаардык кеңешинин 04.07.2016-жылдагы № 96/34-6 токтому менен бекитилген 2016-2017-жылдарда Кара-Көл шаарындагы муниципалдык менчиктеги объектилерди менчиктештирүү программасына киргизүүгө макулдук берилсин.
2. Серый көчөсүнүн 18-үйүнүн 15-батирин Ш.Макешованын менчигине акысыз негизде өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга ( И.М. Еркеев) шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына ( Э.Э. Бабаканов), ал эми көзөмөлдөө шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына (А.О.Тайчабаров) жүктөлсүн.
Төрага | Н. Кыргызалиев |