Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-сентябры № 53/9-7
“ Кара-Көл шаарынын Сабиров көчөсүнүн 89-үйүнүн 15- батиринин тургуну А.Т.Кадырбаеванын арызы жөнүндө ”
Кара-Көл шаарынын Сабиров көчөсүнүн 89-үйүнүн 15- батиринин тургуну
А.Т.Кадырбаеванын арызындагы маселе боюнча шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.С.Джуробаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаарынын Сабиров ( Фрунзе) көчөсүнүн 89-үйүнүн 15- батирине 02.01.1982-жылы № 2004 сандуу ордер алган Нурмамбет Култаевич Добулбеков 26.09.2016-жылы каза болгондугун эске алып, Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 36-беренесин, Кыргыз Республикасынын “ Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамынын 10–беренесинин 1- бөлүкчөсүнүн 4 -абзацын жетекчиликке алып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык депутаттар кеңешинин Президиумунун 27.12.1991-жылдагы Токтомунун № 300 чечиминин Сабиров ( Фрунзе) көчөсүнүн 89-үйүнүн 15- батиринин Нурмамбет Култаевич Добулбековго тиешелүү болгон бөлүгү жокко чыгарылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.С.Джуробаевге) жүктөлсүн.
Төрага | Н. Кыргызалиев |