Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-сентябры № 54/9-7
“Кара-Көл шаардык кеңешинде убактылуу жумушчу комиссия түзүү жөнүндө”
Кара-Көл шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.С.Джуробаевдин шаардын мектептеринде жана бала бакчаларда берилип жаткан тамак–аштардын сапаттарын текшерүү боюнча убактылуу жумушчу комиссия түзүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап чыгып, ”Жергиликтүү өз алдына башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 32- беренесин жетекчиликке алып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаарындагы жалпы билим берүү мектептеринде жана бала бакчаларда берилип жаткан тамак- аштардын сапаттарын текшерүү боюнча төмөндөгү курамда убактылуу жумушчу комиссия түзүлсүн:
1. Матназарова Жибек Досбаевна
2. Мамырова Тинатин Осмоналиевна
3. Абылов Рахматалы Алишерович
4. Бопошов Заманбек
5. Жардамов Садык Орозматович
6. Азимжанова Лариза Мадалбековна
7. Джуробаев Жеңиш Сатаралиевич
2. Убактылуу жумушчу комиссия өз ишин 2 айлык мөөнөттө жүргүзсүн.
3. Убактылуу жумушчу комиссия белгиленген мөөнөт ичинде териштирилген маселе боюнча корутунду даярдасын жана шаардык кеңештин сессиясынын күн тартибине киргизсин.
Төрага | Н. Кыргызалиев |