Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Бел айылдык Кеңешинин ( алтынчы чакырылышынын) биринчи сессиясы
2016-жылдын 25- февралы № 4-1
Бел айыл Өкмөтүнүн 2016-жылдагы социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнүн жыйынтыктары,2017-жылга милдеттери жөнүндө
Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2016-жылдын 25-январындагы 2015-жылда ноокат районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2016-жылга милдеттери жөнундөгү №05-к токтому айыл Өкмөтүнун 2016-жылдын 29-февралындагы №5-токтому менен иштелип чыгып аткаруучуларга жеткирилген. Айыл Өкмөтү 2016-жылга түзүлгөн айыл Өкмөтүнун социалдык-экномикалык пландарында көрсөтүлгөн иш-чараларды жетекчиликке алып,жыл ичинде төмөнкүдөй иштерди аткарууга жетишти.Айыл Өкмөтүнун жыл башында бекитилген бюджетин топтоо,кошумча булактарды таап,бюджетти толуктоо боюнча бир топ аракеттер көрүлдү. Атап айтканда 2016-жылдын 11 айында ижара акыдан 239,7 сом,жер салыгы планда көрсөтүлгөн293,0 сомдун ордуна447,0 мин сом , айыл-чарбабагытында эмес жер салыгынан план57,6 мин сом болсоаткарылганы 108,5 мин сомду,тамарка салыгы 138,5 мин сомдун ордуна310,7 мин сом,кыймылсыз мүлк салыгы71,0мин сом план болсо аткарылганы65,6 мин сом,кыймылдуу мүлк салыгынын планы 710,0 мин сом болсо,аткарылганы 870,4 мин сомду,ыктыярдуу патент боюнча план 320,0 болсо аткарылганы 332,0 сомду,милдеттүү патенттин планы 5,0 мин сом болсмо аткарылганы22,5 мин сомду,таштанды салыгы 82,0 мин сом болсо атикарылганы95,6 сомду тузүп жалпы бюдет1872,1 мин сом болсо аткарылганы2467,6 мин сомду түзүп 11 айлык көрсөткүч 131%ти түздү. Айыл жеринде жер салыгы салыктын басымдүү бөлүгун түзө тургандыгын баарыбыызга белгилүү,бирок бул салыктын түрүнүн ставкасын “Салык Кодексини”талаптарына ылайык айылдык кенештин сессиясында карап 3 эсеге чейин көтөрүү маселесин айылдык Кенештин депутаттары колдоого албай койгондугу өкүнүчтү.
Өнөр жай тармагы боюнча айыл аймагындагы ун тартуучу тегирмендер 111,7 сомдук иш жургүзүп былтыркы жылга салыштырганда38,6 сомдук көп ищ жүргузушкөн болсо,жем тартуучу бир тегирмен ишин токтотуп бир тегирмен 6800 сомдук иш атикарган. Май куючу эки ишкана жыл ичинде 2739,0 мин сомдук иш аткарышып былтыркы жылга салыштырганда 872,0 мин сомдук көп жумуш аткарышкан. Пахта тазалоочу ишкана жыл ичинде27375 мин сомдук иш аткарып,былтыркы жылга салыштырмалуу 8475 сомго көп иш аткарган.Кийим тигүүчуцех83000 сомдук иш аткарып,былтыркы жылдан 33000 мин сомдук көп продукция чыгарган. Унаа дөнгөлөктөрүн желимдөөчү эки ишкана71800 сомдук иш аткарыфп,былтыркыга салыштырмалуу7200 сомдук коп иш аткарган. Мончолор 146,5 мин сомдук иш аткарган бул былтыркы жылга салыштырганда60432 сомго көп,эки ашкана92800сомдук иш кылса бул былтыркы жылкыдане35300сомго көп,унаа ткетиктерин сатуучу ишкана өткөн жылдан1900 сомго көп иш кылса навайкана өткөн жылдагыдан 12000мин сомго аз, жыгач тилүүчү ишкананын бирөөсү былтыркыга салыштырмалуу142,0 сомго көп иш кылганы менен экинчиси43400 сомго аз иш аткарган Айыл аймагындагы мебел жасоочу үч ишкана1331,0мин сомдук жумуш аткарышкан.Пескоблок чыгаруучу эки ишкана быйылкы жылы былтыркы жылга салыштырмалуу984,4 сомдук көп жумуш аткарышкан же болбосо өнөр жай ишканалары жыл ичинде 6046290 сомдук кызмат кылышкан.
Айылга инвестиция тартууга жыл ичинде айыл аймагында жеке ишкерлер тарабынан 3 мебел жасоочу ишкана,1 дөнгөлөктөрдү желимдөөчү ишкана ачылып жалпы суммасы9124,0 сомдук инвестиция тартылган.Пластик эшик терезелерди жасоочу ишкана жеке ишкер тарабынан ачылып340,0 сомдук иш аткарылган. Тоолуу аймактагы жамаааттарды өнүктүрүү фондуна Борбаш айылынын Күнгөй участкасына суу жеткирүү боюнча проект жазылып жалпы суммасы 1200322,8 сомдук инвестиция тартылган.
Айыл чарбасы боюнча 2016-жылдын түшумү үчүн 653 га жерге жаздык буудай,125 га жерге арпа, 225 га жерге жүгөрү,180 га жерге картошка,40 га жерге май өсүмдүгү,102 га жерге жашылча,көп жылдык чөп 637 га жерге айдалып себилген. Оруп жыйноо иштерин ийгиликтүү аяктап,түшумдүүлук төмөнкүдөй көрсоткүчтү берди. Буудайдан 13210 центнер,арпадан 1975 центнер,жүгөрүдөн 15332 центнер, май өсүмдүгүнөн 4040 центнер, картошкадан 29700 центнер,жашылчалардан 19896 центнер,мөмө-жемиштерден 18000центнер түшүм жыйналып алынды. Дыйкандарга күздук себүүгө буудайдын “Уминка” сортундагы уругу таркатылып берилип,дыйкандар тарабынан 20 га жерге айдалып себилди.Кашка участкасын сугат суусу менен камсыз кылууга айыл Өкмөтү тарабынан 230,0 мин сом акча каражаты бөлунүп берилген.Бул иш толугу менен иш жузүнө аша элек. Жайыт пайдалануучулар тарабынан салык төлөонун жылдык планы ашыгы менен аткарылганына карабастан аткарып жаткан иштеринде кемчилдиктердин орун алгандыгы байкалат.Ошондой дыйкандарды сугат суусу менен камсыз кылуу багытында “Мүрөк” суу пайдалануучулар тарабынан иштер жургүзүлдү. Булар да суу салыктарын толтурууда толук кандуу иштей алышкан жок. Айыл аймагында күнөсканаларды куруу,тамчылатып сугаруу боюнча тапшырмалар берилген менен аткарылбай жатат. Бул боюнча жер адистери,айыл башчылар кызыгып иш жургузүшкөн жок. Ошондой эле которушутуруп айдоого да маани берилбей жатат. Ижара акыларды топтоо иштеринде да кыйынчылыктар пайда болду.Ижарачыларга түшундүрүү иштери жүргузулгөндүгүнө карабастан ижара акыларды өз убагында төлөбөй жатышат. Айыл Өкмөтү тарабынан тиешелуу чаралар көрүлбөйт.
Мал чарбасы боюнча 2016-жылдын 1-январына карата малдын саны
Кара мал - 3675
Кой - 7672
Эчки - 1722
Жылкы - 542
Үй-канаттуулары - 7857 баш катталган.Малдын башын көбөйтүү жана асылдуулугун жогорулатуу боюнча бир катар иштер аткарылган. Жыл ичинде кара малдын шарп ыланына каршы эмдөө 3600 баш,кара сан ыланына каршы 3100 баш,сибир жарасына эмдөө 2100 баш, бруцеллез ыланына каршы кан алып текшерүү 700 баш,жылкынын сибир жарасына эмдөө 440 ,паразитардык ыландарга каршы дарылоо 420 башка жургузулсө, майда жандыктьардан бруцеллез ыланына эмдөө 2100 башка,чума ыланына карша эмдөө 6700 башка,чечек оорусуна каршы эмдөө 6500 башка,паразитардык ыландароды эмдөө 6300 башка жургузүлгөн.Тооктордун чума”Н” ыланына каршы эмдөө 5600 башка,паразитардык ыландарды дарылоо 3400 башка жургузүлдү.ит-мышыктардын эхинокок оорусуна дары ичирүү 510 башка,кутурма оорусуна каршы эмдөө 145 башка жүргүзүлүп,236 дейди иттер атылып жок кылынды.
Социалдык тармактар боюнча:
2016-жыл ичинде толтурулган соц.паспорттун негизинде жашоо кирешелери эсептелип чыгылып 517 үй-бүлө мамлекеттен жөлөк пул алууга чегерилген. Айыл аймагындагы жалгыз бой карыяларга отун алуу учүн 10000 сом,туберкуллез менен ооруган жарандарга 34000 сом,1-июнь балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата 5000сом,1-октябрь карылардын күнүнө карата 5000сом,3-декабрь майыптардын күнүнө карата 3225 сом,турмуш -шартынын оордугунан жардам сурап кайрылгандарга 15000сом,ВИЧ оорусу менен жабыркагандарга 9000 сомдук колдоо көрсөтүлду. Айыл аймагында “Бириккен Улуттар Уюмунун дүйнөлук “Азык-Түлүк “ программасы менен иш жургузуп 24 проект жазылып ,617 аз камсыз болгон үй-бүлө мүчөлөрү иш менен камсыз болуп,эмгек акылары үчүн73973 кг ун,5767 литр май алышты жана бул программа менен иштөө улантылып жатат.
Айыл аймагында 3 жалпы билим берүүчү орто мектеп,1 толук эмес орто мектиеп,1 башталгыч мектеп орун алган. Мектептердин матер иалдык-техникалык базасын чындоо боюнча тынымсыз иш аракеттер көрүлүп келүүдө.2016-жылдын биринчи жарым жылдыгында Г.Эргешов атындагы “ Бел-Өрук” орто мектебинде облустук денгээлде өткөрүлгөн кыргыз тил сабагы боюнча семинардын,Кенеш орто мектебинде орус тили сабагы боюнча,Жаш толук эмес орто мепктебинде сүрөт сабагы боюнча өткөрүлгөн семинарларды жогорку денгээлде өткөрүунү уюштуруу боюнча 60,0 мин сомдук колдоо көрсөтүлдү. 50, мин сомго дене тарбия сабагы үчүн керектүү болгон топтор сатылып берилди. Ош жана Бишкек шаарларында өткөрүлгөн спорттук мелдештерге барып катышып келүү үчүн мектеп окуучуларына 17,0 мин сомдук колдоо көрсөтүлдү. Акыркы конгуроо майрамында өзүнүн талыкпаган эмгектери менен өзгөчөлөнгөн 13 мугалимдер айыл Өкмөтүнун “ Ардак грамотасы “ менен сыйланшкан. 2015-20165- окуу жылында 11 –классты 116 окуучу,9-классты 172 окуучу мамлекеттик аттестацияны ийгиликтүү тапшырышып орто билим жана толук эмес орто билим жөнүндөгү аттестат жана күбөлуктөрдү алышты. Жалпы республикалык тестирлөөдө ГюЭргешов атындагы Бел-Өрук орто мектебинин окуучусу Асилбек кызы Мадина,Мурат кызы Кызжибек,Ой-Талаа орто мектебинин окуучусу Самидин уулу Даниел жана Кенеш орто мектебинин окуучусу Каримбабаевалар жогорку упайларды камсыз кылышты. Тарых жана маданият жылына карата мектептер арасында “Ыр Кесе” майрамдары өткөрүлүп жатат.
Саламаттыкты сактоо боюнча 2 үй-бүлөлук дарыгерлер тобу элди тейлейт. Айыл аймагында АИФ оорусу менен 5 жаран катталган болсо,быйылкы жылдын биринчи жарым жылдыгында мындай оору катталган жок.Туберкуллез менен ооруган 128 жаран каттоодо турат. Ошондой эле жүрөк кан тамыр оорулары менен ооругандардын саны өсүүдө. Бул оорулардын алдын алуу боюнча калк арасында тынымсыз түшүндүрүү иштерин жургузуу зарыл.
Айыл аймагында 2016-жыл ичинде эч кандай кылмыштуулук катталган жок
Калкть пенсия,пособие менен камсыз кылууда №14-Борбаш байланыш бөлүмү иш жүргүзөт.Алар 477 жөлөк пул алуучуларга, 413 пенсионерлердин акчаларын өз убагында жеткирип берүү иштерин аткарып келе жатышат.
Калкты таза суу менен камсыз кылуу багытында жүргузулүп жаткан иштерде кемчилдиктер арбын.Таза суу каналдагы сууга уланган. Көпчүлүк суу чорголору иштебейт.Айыл Өкмөтүнун баланссасына алынбагандыктан,аны ондоп тузөө иштерине жетерлик суммада акча каражаты бөлунбөгөнү менен быйылкы жылы Борбаш айылындагы резеруар ондоого 40,0 сом,Бел айылынын Кашка участкасынасуу чыгаруу үчүн 232,0 сомдук трубалар алынып берилди. Пайдаланган электр энергиясынын төлөмдөрун өз убагында төлөп туруу боюнча тушундурүү иштери жургүзүлуп жатат.
Бел айылдык Кенешинин (алтынчы чакырылышынын) кезектеги төртүнчү сессиясы Бел айыл Өкмөтүнүн 2013-2017-жылдарга түзүлгөн стратегиялык пландарында 2016-жылга көрсөтүлгөн иш-чаралардын аткарылышын боюнча маалыматтарды угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
Бел айыл аймагында 2016-жылда социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүу багытында бир топ иш аракеттердин аткарылгандыгы белгиленсин.
Айыл Өкмөтүнүн бекитилген бюджетин толуктоо багытында тынымсыз иш аракеттерди жүргузүү менен ар ай сайын жеткирилген план-тапшырмаларды өз убагында толук аткарылышын камсыз кылуу үчүн чечкиндүү аракеттерди көрүү айыл Өкмөтүнун аппарат кызматкерлерине финансы-экономика бөлүмүнун башчысы Шамши уулу Мелисбекке жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасында 2017- жыл “ Ыйман,адеп жана маданият” деп жарыялангандыгына байланыштуу,аны ишке ашыруунун конкреттүү иш чарасын иштеп чыгуу жана турмушка ашыруу айыл Өкмөтүнүн кызматкерлерине ,айылдык маданит бөлүмүнүн башчысы Алимкуловго тапшырылсын.
Айылдардын инфрастурктурасын жакшыртуу менен жаштарды патриоттуулукка тарбияло,спортко тартуу менен сергек жашоого чакыруу боюнча тийиштүү иш чараларды көрүү айыл башчыларга милдеттендирилсин.
Айыл Өкмөтүнун жер адиси Абдазовго
Айыл аймагындагы суулуу жерлердин иштетилбей калышына жол бербөө,күнөсканаларды куруу,тамчылатып суугаруу боюнча тийиштуу иш чаралардын 2016-жылда аткарылбай калгандыгын эске алып,2017-жылы кемчилдиктерди жоюу боюнча чечкиндүү чараларды көрсүн.
Кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин сарамжалдуу пайдаланууга зор көнүл бурсунжана ижара мөөнөттөрү бүткөн жер аянттарын аукцион аркылуу ижарачыларга берүүнү ишке ашырсын
Айыл аймагындагы балдар бакчаларынын башчыларына,мектеп директорлоруна
- Мектептердин балдар бакчаларынын материалдык-техникалык базаларын чындоо багытында тынымсыз аракеттерди көрүшсүн,билим берүүнун сапатын жогорулатууга ,тарбиялык иштердин денгээлин көтөрүу багытында иш чараларды аткарууга алышсын.
- Мектептерде кылмыштуулуктун,диний экстремизмдин ошондой эле интернет булактарында пайда болгон кооптуу оюндардын алдын алуу багытында ата-энелер,коомдук уюмдар менен биргеликте иш жүргузүүнү колго алышсын.
7. Милициянын аймактык тескөөчүлөрүнө:
- Айыл аймагындагы коомдук уюмдар менен тыгыз иш жүргузүп,кылмыштуулуктун алдын алуу,санын кескин кыскартуу боюнча иштерди алып барышсын.
8. УБДТнун жетекчилерине (Паизова .А, Өмүрзакова )
- Калкты медициналык жактан тейлөө. калк арасында профилактикалык түшүндүрүү, алдын алуу иштерин жургүзүүгө өзгөчө көнүл буруу менен жугуштуу оорулардын алдын алуу жана аларды кыскартуу боюнча зарыл чараларды көрүшсүн
- Энеликти коргоо ымыркайлар арасында набыт болуу көрсөткүчүн төмөндөтүү боюча иш чаралардын так аткарылышын көзөмөлгө алышсын.
Айыл башчыларга
- Салттуу динге жат болгон көрүнүштөргө каршы иш-аракеттерди жүргүзүү, укук коргоо органдары менен биргеликте чет өлкөдө окуп жана иштеп жаткан жарандар болсо аныктоо, диний эктремизмге бөгөт коюу боюнча калк арасында тшүндүрүү иштерин алып барууга көнүл бурушсун.
- аракечтик уурулук,зомбулука каршы, салык төлөмдөрун, электр энергиясына карыз жарандар менен аны төлөө туралуу жеринде иш алып баруу тапшырылсын..
10. Айыл аймагындагы мекеме-уюмдардын жетекчилерине ушул токтомдун аткарылышы боюнча малыматты ар бир чейрек сайын кийинки айдын башында берип турушсун
11. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарына , жооптуу катчысына тапшырылсын
Төрага | Сулайманов Ш. |