Загрузка документа…
АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-апрели №28/1
Айдаркен-Тейлөө МИ келишим түзүү жөнүндө
Айдаркен шаарынын тургундарынын кайрылуу каттары менен таанышып, арыз ээлеринин жана ишкана жетекчилеринин маалыматын угуп, талкуулап. Депутаттapдын сунушу менен шаар тургундарынын арыз кайрылууларын чечүү максатында Айдаркен шаардык кеңешинин 1-чакырылышынын 28-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айдаркен шаарынын аймагындагы мектептер, балдар бакчалары Айдаркен шаардык мэриясынын алдында ачылган «Айдаркен-Тейлөө» муниципалдык ишканасына өткөрүлүп, келишимдин негизинде иш алып барылсын.
А) Арыз ээлеринин жана шаар тургундарынын өз каалоолору менен мыйзам чегинде «Айдаркен-Тейлөө» муниципалдык ишканасы менен келишим түзүп иштөө жагы белгиленсин.
Б) Айдаркен шаарынын жашоочуларынын арызы шаардык Кеңештин депутаттары тарабынан колдоого алынсын.
2. Келишим эки тараптын макулдугу менен, бир жылга карата түзүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышы шаардын мэри М.М. Мукумовко милдеттендирилсин.
4. Токтомду көзөмөлдөө жагы Айдаркен шаардык Кеңешинин төрагасы А. Гайназаровко жүктөлсүн.
Төрага |
А. Гайназаров |