Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Бел айылдык Кеңешинин ( алтынчы чакырылышынын) биринчи сессиясы
2017-жылдын 24- январы № 4-2
«Бел айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы айылдык бюджетинин аткарылышы, 2017-жылга айылдык бюджети жана 2018-2019-жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндөгү»
Бел айыл өкмөтүнүн 2015-жылга айылдык бюджетинин аткарылышы, 2017-жылга каралган айылдык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолун бекитүү жөнүнүндөгү маселени «Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндөгүү» Мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган Долбоор тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Бел айылдык кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» Мыйзамынын 27-статьясынын 5 пунктуна ылайык депутаттардын Бел айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2017-жылга Бел айыл өкмөтүнүн айылдык бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 11101,6 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. 2017-жылга айылдык бюджеттин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгалашары боюнча багыттар № 1 тиркемеге ылайык аныкталсын. гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, соц. фондко чегерүү, тамак-аш жана коммуналдык кызматтарга) каржылануусу белгиленсин.
3.Бел айыл өкмөтүнүн 2018-2019-жылдарга айылдык бюджетинин болжолунун негизги көрсөткүчтөр № 2,3 тиркемеге ылайык колдоого алынсын.
Кирешенин болжолу 2018 жылга 11101,6 мин сомго (республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 6227,3 мин сом менен) жана 2019-жылга 10520,2 мин сомго (республикалык бюджеттен алынуучу гранттар 6227,3 мин сом менен) белгиленсин.
Бел айыл өкмөтүнүн 2018-2019-жылдарга айылдык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын, аларды ар бир конкреттүү мезгилде кабыл алууда тактоо жүргүзүү жагы белгиленет.
4. Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген өлчөмүнүн ашыкча бөлүгү толугу менен айылдык бюджеттик мекеменин каржылоосуна калары аныкталсын.
Айылдык бюджеттик мекемелери казыналыктын регионалдык бөлүмдөрүнүн тышкары, мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын чыгымдоого тыюу салынсын.
Атайын каражаттар казыналыктан тышкары (бюджеттик мекемелердин кассасы аркылуу) чыгымдалган учурда Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети 2018-2019-жылдарга болжолу жөнөндөгү» Мыйзамынын 14-беренесинин 2- пунктуна ылайык бул каражаттын 100 пайыз республикалык бюджетке алынып коюлары эскертилсин.
6.2017-жылдын 1-январына айылдык бюджетти боюнча жүргүзүлгөн кассалык накталай акча 102,0 мин сом суммасында белгиленсин.
7. Айыл өкмөтүнүн башчысы төмөнкүгө укуктуу:
- Ушул токтомдун 1-беренесинде бекитилген суммалардын чегинде, эгер бул айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнөн азайтууга алып келбесе ушул токтомдун тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө ;
- ченемдик укуктук актылардын өзгөрүүсүнүн негизинде жыл ичинде тактоолорду жүргүзүүгө
- киреше бөлүгүнөн белгиленген пландан ашыкча түшкөн каражаттын эсебинен чыгаша бөлүгүнүн өлчөмүн көбөйтүү жагын кароо;
8. 2017-жылда айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландарынан ашыкча аткарылышынан түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү жана өзгөртүү киргизүү айылдык Кенешке ыйгарылсын.
9. Жергиликтүү бюджеттик мекеме-ишканалардын финансалык - экономикалык негиздерин чындоо, алардын финансалык мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы тарабынан көзөмөлгө алынсын.
10. Бел айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы айылдын бюджеттин киреш
Төрага | Сулайманов Ш. |