Загрузка документа…
БИРНЧИ МАЙ КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Айыл кеңештин XXVII чакырылышынын VII сессиясы
2017-жылдын 19- сентябры № 25
“2017- 2021- жылдарга АЧЖМФ жерлерин ижарага бөлүп берүү боюнча келечек планын бекитүү жөнүндө”
Бекитүүгө көрсөтүлгөн жогоруда аталган пландын долбоорун угуп жана талкуулап, Биринчи Май айыл кеңешинин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
Бекитилсин: 2017-2021 – жылдарга АЧЖМФ жерлерин ижарага бөлүп берүү боюнча келечек планы.
Төрага | У. Дунганов |
2017-жыл
Кириш бөлүгү.
Биринчи Май айыл өкмөтүнү1996-жылы Москва районунун аймагында түзүлгөн жана Ак-Торпок, Присельный, Сахзавод, Кызыл-Туу, Чоң-Арык, Каирма жана Плодопитомник: 7 участоктон турат.
Бул аймактын климаты бардык айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү үчүн ылайыктуу.
Эң суук айы январь, эң жылуу айы июль болуп саналат.
Айыл өкмөтүнүн дыйканчылык аймагы негизинен чоң Чүй каналынын сугат тармагынан сугарышат.
“Мураке” участогунун түндүк – чыгыш бөлүгүнүн аймагы инжинердик тибиндеги каналдан сугарылат.
Жер астындагы суулардын дэңгээли бирдей эмес. Жер астындагы суулар 0,5 – 1,5 м тереңдикте белгиленген участоктор кездешет (“Кызыл-Туу” участогу) жана топурактын пайда болушуна активдүү катышат.
“Сахзавод”, “Присельный”, “Каирма” жана “Ак-Торпок” участкалары суулардын агымынын катмарын чыпкалоочу райондо жайгашкан.
Бул аймактын топурак кыртышы тоо өрөндүү түндүктүү ачык боз топурак, шалбалуу ачык жана ачык кашташ топурагы көрсөтүлгөн.
Тоо-өрөндүү түндүктүү ачык боз топурагы механикалык курамы боюнча орто жана орто кумдуу.
Жогорку горизонтто гумустун кармалышы бара бара азайып жатат.
Түндүктүү ачык боз топурак туздалган эмес.Жер астындагы суулардын жакын жайгашкандыгына байланыштуу түзүлөт.Калың топурак механикалык курамы боюнча орто жана оор кургатылуучу, түзүлүшү боюнча ар түрдүү.
Тоо өрөндүү шалбаалуу ачык топурактардын ичинде туздуулар, көбүнчө начар жана орто даражадагы кездешет.
Тоо өрөндүү ачык каштан топурактары майда кыртыштуу – бетегелүү – шыбактуу талаалардын астында түзүлөт.
Механикалык курамы негизинен орто жана оор кумдуу, андасанда жеңил кумдуу.
Айыл өкмөтүнүн аймагында калкынын саны 8978 адам менен бир калктуу конуш Ак-Суу айылы бар.
1-бөлүк.Биринчи Май өкмөтүнүн жерлериннин жалпы курамы.
Азыркы убакта айыл өкмөтүнүн аймагында 6738 гектар жер бар, анын ичинде 2062 гектар айдоо жери, 1029 гектар жайыт, 161 короо жай участкалары анын ичине 127 гектар айдоо жери, 4 гектар дарак-бадал өсүмдүктөрү, 3417 гектар башка жерлер (жолдор, жалпы курууга аст., суу астындагы жана башка колдонбогон жерлер)
АЧЖМФ жерлеринин курамы.
АЧЖМФ жерлеринин жалпы аянты 473 гектарды түзөт, анын ичинен 93 гектар сугат жери, 380 гектар кайрак жери.
АЧЖМФ жерлерин пайдалануу.
2017-жылга АЧЖМФ жерлеринин 473 гектары ижара шартында пайдаланууда болду, анын ичинен 93 гектары сугат жери жана 380 гектары кайрак жери, анын ичинен 13,8 гектар кайрак жери көрүстөнгө берүү себеби боюнча пайдаланбай калган.
2017-жылга орточо ижара акысынын өлчөмү 1 гектар сугат жери үчүн 4922 сомду түздү, андан башка жер салыгы 1 жылга 1 гектар үчүн 392 сомду түзөт жана социалдык төлөмдөр 392 сом.
2017-жылга орточо ижара акысынын өлчөмү 1 гектар кайрак жери үчүн 1 жылга 1315 сомду түздү, андан башка жер салыгы бир жылда 1 гектар үчүн 67,2 сомду түзөт.
АЧЖМФ жерлерине каралган участоктор төмөнкү контурларда жайгашкан:№ 310-11,0га,№ 17-19,6 га, № 13-10,6 га, № 10-17,6 га, № 2-124,3 га, № 3-38,7 га, № 104-5,8 га, № 56-14,6 га, № 101-3,6 га, № 100-20 га, № 15-35,8 га, № 321-19,8 га, № 36-40,7 га, № 44-40,9 га, № 315-35,4 га, № 44-40,5 га.
2- бөлүк. АЧЖМФ жер – пландоо зоналары
АЧЖМФ жерлеринин экономикалык жактан кызыктырган зонасы:
Бул зонанын жалпы аянты 473 гектарды түзөт, анын ичинде 93 гектар сугат жери, 380 гектар кайрак жери.
2017-жылдын 1-сентябрына экономикалык жактан кызыктырган зонадан ижарага 459,2 гектар жери 5 жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө берилди.
2017-жылы АЧЖМФ жерлеринин 106,3 гектарына ижара мөөнөтү бүтөт, анын ичинде 106,3 гектар кайрак жери.
2018-жылы АЧЖМФ жерлерине ижарага берүүгө келишимдерди бекитүү каралган эмес.
2019-жылы АЧЖМФ жерлеринин 53 гектар сугат жерине ижара мөөнөтү бүтөт.
2020-жылы АЧЖМФ жерлеринин 35 гектарына ижара мөөнөтү бүтөт, анын ичинде 5 га сугат жери жана 30 гектар кайрак жери.
2021-жылы АЧЖМФ жерлеринин 258,7 гектарына ижара мөөнөтү бүтөт, анын ичинде 35 гектар сугат жери жана 223, гектар кайрак жери.
2009-жылы жалпы аянты 6,2 гектар кайрак жерине 49 (кырк тогуз) жылга келишим түзүлгөн, ижара мөөнөтү 2059-жылы бүтөт.
АЧЖМФ жерлеринен 13,8 гектар кайрак жери христиандык көрүстөнгө бөлүнгөн.
Ушул зона боюнча пландаштырылган иш-чаралар:
2017-жылга
№ 44, № 315, № 3 контурдагы жалпы аянты 106,0 гектар кайрак жерине ижара мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу жер участкаларын берүү боюнча аукцион өткөрүү
2018-жылга АЧЖМФ жерлерине ижарага келишим түзүү каралган эмес.
2019-жылга
“Чоң-Арык” участкасындагы турган № 3, № 12 контурдагы жалпы аянты 5,8 жана 9,0 гектар жер участкаларына ижара мөөнөтү бүткөндө, аукцион өткөрүү.
2020-жылга
“Чоң-Арык” участкасындагы № 2 – контурундагы аянты 30гектар жер участкасына аукцион өткөрүү, ижара мөөнөтү бүткөндүгү байланыштуу.
2021-жылга
Ижара мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу № 2, № 10, 38,7 га, № 2, № 10, № 17, 35,6 га, № 13, № 2, № 17 контурдагы 30 га, № 2-контурда 53 га, № 17, № 15, № 12 –контурларда 53 га жер участкаларына аукцион өткөрүү.
Жерлерди мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда, бул жер участкаларына ижара укугун берүү боюнча аукциондор өткөрүлөт.
3-бөлүк. АЧЖМФ жерлерин ижарага берүү
1. Жалпы жоболор
1. АЧЖМФ жерлери ижарага тоорук аркылуу жана түз берүү аркылуу берилет.
2. Тооруктар аукцион же конкурс түрүндө өткөрүлөт.
3. АЧЖМФ жерлерин ижарага берүү максатында айыл өкмөтү курамында 9 кишиден турган Жер комиссиясын түзөт, курамына кирет:
- 1 депутат – Жер комиссиясынын төрагасы;
- 2 же андан көп Биринчи Май айыл кеңешинин депутаттары;
- айыл өкмөтүнүн юристи;
- айыл өкмөтүнүн катчысы
- айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруучусу;
- агрардык өнүгүү департаментинин өкүлү.
4. Жер комиссиясынын курамы жана иш регламенти Биринчи Май айыл кеңеши тарабынан бекитилет.
5. Жер комиссиясы:
- лотторду түзөт;
- ижара акысынын баштапкы же болбосо туруктуу өлчөмүн белгилейт;
- конкурстун шарттарын аныктайт;
- кепилдик төлөмдүн өлчөмүн белгилейт;
- лоттордун чек араларын аныктайт;
- ар бир лот боюнча баштапкы ижара акысынын өлчөмүн белгилейт;
- ар бир лот боюнча ижара мөөнөтүн аныктайт;
- ар бир лот боюнча аукциондун "арымынын" өлчөмүн белгилейт;
- ижара акысын төлөөнүн түрүн жана мөөнөттөрүн аныктайт;
- тооруктардын жыйынтыгынын протоколуна кол коет;
- ушул Типтүү жободо белгиленген башка функцияларды жүзөгө ашырат.
6. Тооруктарга төмөнкүлөр катыша алышпайт:
- Жер комиссиясынын мүчөлөрү;
- аукциончу.
7. Тооруктарды өткөрүү тууралуу жалпы жоболор
8. Тооруктарга катышуу үчүн жеке жана юридикалык жактар айыл өкмөтү белгиленген формада арыз (N 1 тиркеме) беришет жана төмөнкү документтер берилет:
- аукционго, конкурска катышууга арыз;
- инсандын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин көчүрмөсү же өкүлдүн ыйгарым укуктарын күбөлөндүрүүчү документ;
- кепилдик төлөмдү төлөгөндүгү жөнүндө квитанциянын көчүрмөсү (лоттун баштапкы наркынан);
- АЧЖМФ жерлерин ижарага алган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жер салынган төлөө тууралуу кепилдик кат же милдеттенме (айыл өкмөтүнөн).
Конкурска катышуу үчүн жеке жана юридикалык жактар жогоруда көрсөтүлгөн документтерден тышкары конкурстун шарттары боюнча өз сунуштарын кол коюп, чапталган конвертке салып беришет.
Юридикалык жактар уюштуруу документтеринин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн, ошондой эле юридикалык жактын таламын жактаган жактардын ыйгарым укуктарын тастыктоочу документтерди кошумча беришет.
Тооруктарга катышуу тууралуу арызды арыз ээсинин (талапкердин) өзү же ыйгарым укуктуу өкүлү аркылуу берет.
9. Жер комиссиясынын катчысы берилген арыздарды, ошондой эле ушул 8-пунктунда каралган документтерди кабыл алат жана атайын журналга каттайт. Арыздарды жана башка документтерди кабыл алуу тооруктарды өткөрүүгө беш иш күнү калганда токтотулат.
10. Катчы (акциондун, конкурстун) тоорукка катышууга арызды жана бардык зарыл документтерди кабыл алгандан кийин арыз ээсине күнүн жана каттоо номерин көрсөтүү менен документтерди алгандыгы жөнүндө билдирүү (N 2 тиркеме) берүүгө милдеттүү.
Катчы кабыл адынган документтерди Жер комиссиясынын кароосуна жиберет.
11.Талапкерлердин арыздары жана документтери Жер комиссиясы тарабынан каралат. Арыздарды жана документтерди кароонун жыйынтыгы боюнча Жер комиссиясы арыз ээлерине (талапкерлерге) тоорукка катышууга жол берүү жөнүндө чечим кабыл алат, ал тууралуу протокол түзүлүп (N 3 тиркеме), анда бардык жол берилген арыз ээлеринин (талапкерлердин), ошондой эле 3-бөлүктүн 12-пунктуна ылайык тоорукка катышууга жол берилбеген арыз ээлеринин тизмеси көрсөтүлөт.
12. Төмөнкү учурларда арыз ээсинен (талапкерден) арыз кабыл алынбашы мүмкүн:
- арыз тоорук өткөрүү жөнүндө билдирүүдө көрсөтүлгөн арыздарды кабыл алуу мөөнөтү өтүп кеткенде берилгенде;
- арыз ээсинин (талапкердин) атынан кайрылууга ыйгарым укугу жок адам тарабынан арыз берилгенде;
- тоорук өткөрүү жөнүндө билдирүүдө жарыяланган тизме боюнча зарыл болгон документтердин бардыгы берилбесе же болбосо берилген документтер тиешелүү түрдө таризделбесе.
Кабыл алынбаган арыз жана документтер арыз ээсине (талапкерге) кабыл алуудан баш тартуунун себебин көрсөтүү менен кайтарылып берилет.
13. Конкурска катышуу үчүн кепилдик төлөм Жер комиссиясы тарабынан баштапкы ижара акысынын өлчөмүнүн 5 процентинен 10 процентине чейинки өлчөмдө белгиленет, ал эми аукционго катышуу үчүн кепилдик төлөмдүн өлчөмү баштапкы ижара акысынын өлчөмүнүн 15 процентинен 30 процентине чейинки өлчөмдө белгиленет.
14. Талапкер тоорукка бир канча лот боюнча катышкан учурда, кепилдик төлөмү ар бир лот боюнча төлөнөт.
15. Кепилдик төлөмдү төлөөдө кепилдик төлөмдү төлөгөндүгү жөнүндө квитанция берилет.
16. Кепилдик төлөм төмөнкү учурларда кайтарылып берилбейт:
- жеңүүчү тооруктун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тартканда;
- жеңүүчү АЧЖМФ жерин ижаралоо келишимин түзүүдөн баш тартканда.
17.Калган учурларда кепилдик төлөм 5 жумуш күнүнүн ичинде кайтарылууга тийиш.
- тоорукка катышуудан баш тартуу жөнүндө арыз берген убактан тартып;
- тоорук бүткөн убактан тартып;
- тоорук өткөн жок деп таанылгандан тартып.
18.Тооруктун жеңүүчүсү менен ижара келишимин түзгөндө кепилдик төлөмдүн суммасы ижара акысынын суммасына кошулат.
1.1. АЧЖМФ жерлери аукцион аркылуу ижарага берүү
19. АЧЖМФ жерлерин аукцион аркылуу ижарага берүү Келечек планга ылайык жер-пландоо зоналарынын чегинде аукцион аркылуу берилүүгө тийиш болгон экономикалык жактан артыкчылыктуу жерлер катары аныкталган жерлер боюнча жүргүзүлөт.
20. Аукционго коюлуп жаткан ар бир жер участкасы өз алдынча лот болуп түзүлүшү керек.
21. Аукционго коюлуп жаткан лоттун төмөнкүдөй маалыматты камтыган кеңири баяндамасы болууга тийиш:
- лоттун номери;
- жер участкасынын жайгашкан жери (контурдун аталышы);
- участканын аянты жана жердин түрлөрүнүн курамы гектар менен;
- ижара акысы;
- баштапкы ижара акысынын өлчөмү (мында баштапкы ижара акысынын өлчөмү жер салыгынын өлчөмүнөн 20 проценттен кем эмес жогору болушу керек);
- аукциондун "арымы";
- ижара акысын төлөөнүн түрү жана мөөнөттөрү, сервитуттардын болушу же жоктугу
-жер салыгынын бир жылдык суммасынын жергиликтүү бюджетке тийиштүү төлөмү.
22. Айыл өкмөтү аукционду өткөрүүгө 30 күн калганда жалпыга жеткиликтүү жерлерде АЧЖМФ жерлерин ижарага берүү боюнча аукцион өткөрүлөөрү тууралуу маалыматтык билдирүүнү таркатууга милдеттүү, анда:
- лоттордун тизмеси алардын контурларынын баяндамасы менен;
- аукционду өткөрүү шарттары, күнү, орду;
- ар бир лот боюнча баштапкы ижара акысынын өлчөмү;
- кепилдик төлөмдү төлөөнүн өлчөмү жана тартиби;
- ижара акысын төлөөнүн түрү жана мөөнөттөрү, индексациялоо жөнүндө шарттар;
- ар бир лот боюнча аукциондун "арымы";
- арыздарды жана документтерди кабыл алууну баштоо жана аяктоо күнү;
- аукционго катышуу үчүн берилүүчү документтердин тизмеси;
- аукциондун суроолору боюнча кошумча маалымат алууга мүмкүн болгон жердин дареги көрсөтүлөт;
-ар бир лот боюнча жер салыгынын жылдык өлчөмү.
Муну менен бирге айыл өкмөтү маалыматтык билдирүүнү айылдык жыйындарда, жыйналыштарда айтып, жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялай алат.
23. Аукциондун "арымы" Жер комиссиясы тарабынан баштапкы ижара акынын 10 процентинен 20 процентине чейинки өлчөмүндө белгиленет. Аукциондун "арымы" аукцион бүткөнгө чейин бирдей болот.
24. АЧЖМФ жерлерин ижарага берүү үчүн айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан аукционду алып баруучу дайындалат.
25. Аукцион лоттун аталышын, негизги мүнөздөмөлөрүн, баштапкы ижара акысын жана аукциондун "арымын" аукционду алып баруучу жарыялагандан башталат.
26. Аукциондун катышуучуларына номери коюлган билеттер берилет, алар кезектеги бааны жарыялагандан кийин билеттерди көтөрүп турушат.
Ар бир кийинки баа учурдагы бааны "аукциондун арымын" жогорулатуу менен белгиленет. Кезектеги бааны жарыялагандан кийин аукционду алып баруучу анын көз карашы боюнча билетти биринчи көтөргөн аукциондун катышуучусунун билетинин номерин атайт. Андан кийин аукционду алып баруучу аукциондун "арымына" ылайык кийинки бааны жарыялайт.
27. Эгер кезектеги бааны үч жолу жарыялагандан кийин катышуучулардын бири дагы андан жогору бааны сунуш кылбаса, акыркы бааны сунуш кылган катышуучу жеңүүчү деп жарыяланат.
28.Аукциондун жеңүүчүсү аукцион өткөрүлгөн күнү аукциондун жыйынтыгы жөнүндө лротоколго кол коюуга тийиш. (N 1 тиркеме). Протоколго ошондой эле аукционду алып баруучу, Жер комиссиясынын мүчөлөрү кол коюшат. Протоколдо төмөнкү маалыматтар келтирилет: ижара акысынын баштапкы жана акыркы өлчөмү, жер участкасын ижаралоо келишимине кол коюу боюнча тараптардын милдеттенмелери, лоттун номери, ижара мөөнөтү ж.б. Аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколдун көчүрмөсү аукциондун жеңүүчүсүнө берилет.
29.Эгер аукциондун жеңүүчүсү аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тартса, Жер комиссиясы экинчи жеңүүчүгө протоколго кол коюуну сунуш кылат. Эгер аукциондун экинчи жеңүүчүсү аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол койсо, ал аукциондун жеңүүчүсү деп таанылат.
30. Протоколдун негизинде аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол койгондон тартып 10 иш күндүн ичинде айыл өкмөтү менен ижарачынын аукциондун жеңүүчүсүнүн ортосунда жер участкасын ижаралоо келишими (N 1 тиркеме) түзүлөт.
31. Төмөнкү учурларда аукцион өткөн жок деп эсептелет:
а) бир катышуучу катышса;
б) 3-бөлүктүн 29-пунктунда каралган учурда экинчи жеңүүчү аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тартса;
в) баштапкы ижара акысын үч жолу жарыялагандан кийин аукциондун бир да катышуучусу билет көтөрбөсө.
32. Белгилүү бир лот боюнча аукцион өткөн жок деп таанылган учурда ошол лот боюнча экинчи аукцион дайындалат. Экинчи аукцион өткөрүүдө Жер комиссиясы баштапкы ижара акысынын өлчөмүн төмөндөтүүгө укуктуу, бирок 20 проценттен кеп эмес. Эгер экинчи тоорук пунктунун "а" пунктчасына ылайык өткөн жок деп таанылганда, Жер комиссиясы жер участкасын экинчи тооруктун жалгыз катышуучусуна берүү тууралуу чечим кабыл алууга укуктуу.
33.Экинчи аукцион өткөн жок деп таанылганда Жер комиссиясы жер участкасын конкурс аркылуу берүүгө укуктуу.
1.2. АЧЖМФ жерлерин ижарага конкурс аркылуу берүү
34. АЧЖМФ жерлерин конкурс аркылуу ижарага берүү Келечек планга ылайык жер-пландоо зоналарынын чегинде конкурс аркылуу берилүүгө тийиш болгон жакшыртуу үчүн талап кылуучу жерлер катары аныкталган жерлер, ошондой эле 3-бөлүктүн 33-пунктуна ылайык башка жерлер боюнча жүргүзүлөт.
35. Айыл өкмөтү конкурсту өткөрүүгө 30 күн калганда жалпыга жеткиликтүү жерлерде АЧЖМФ жерлерин ижарага берүү боюнча конкурс өткөрүлөөрү тууралуу маалыматтык билдирүүнү таркатууга милдеттүү, анда:
- лоттун номери;
- жер участкасынын жайгашкан жери;
- участканын аянты жана жердин түрлөрүнүн курамы гектар менен;
- конкурстун шарттары, анын ичинде ижара акысынын өлчөмү;
- ижара мөөнөтү;
- сервитуттун болушу же жоктугу;
- арыздарды жана документтерди кабыл алууну баштоо жана аяктоо күнү;
- конкурска катышуу үчүн берилүүчү документтердин тизмеси;
- конкурстун суроолору боюнча кошумча маалымат алууга мүмкүн болгон жердин дареги көрсөтүлөт;
- жер салыгынын бир жылдык өлчөмү.
Муну менен бирге айыл өкмөтү жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялай алат.
36. Жер комиссиясы конкурсту төмөнкүдөй жолдор менен өткөрө алат:
- конкурстун шарттарынын бири катары ижара акысынын өлчөмүн аныктоо (баштапкы ижара акысы аныкталат, ижара акынын өлчөмү жана ижара акыны төлөөнүн түрү, мөөнөттөрү боюнча эң жакшы шарттарды сунуш кылган катышуучу жеңүүчү деп таанылат);
- конкурстун шарттарынын бири катары ижара акысын аныктабоо (ижара акысы туруктуу, ижара акыны төлөөнүн түрү, мөөнөттөрү боюнча эң жакшы шарттарды сунуш кылган катышуучу жеңүүчү деп таанылат).
Мында ижара акынын баштапкы өлчөмү тиешелүү жерлерге жер салыгынын өлчөмүнөн төмөн болушу мүмкүн эмес.
37. Төмөнкү учурларда конкурс өткөн жок деп эсептелет:
- бир катышуучу катышса;
- ушул 3-бөдүктүн 38-пунктуна ылайык экинчи жеңүүчү ижара келишимине кол коюудан баш тартса.
38. Эгер конкурстун жеңүүчүсү конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюдан баш тартса, жер комиссиясы экинчи женүүчүгө кол коюга сунуштайт, эгер экинчи женүүчү да кол коюдан баш тартса конкурс өткөн жок деп таанылат, ошол лот боюнча экинчи конкурс дайындалат.
Экинчи конкурсту өткөрүүдө Жер комиссиясы конкурстун шарттарын өзгөртүүгө укуктуу.
39. Эгер экинчи конкурс бир гана катышуучу катышкандыктан өткөн жок деп таанылса, анда жер участкасы ага экинчи конкурстун шарттарында берилет.
40. Экинчи конкурс катышуучулардын жоктугунан өткөн жок деп таанылса, жер участкасы түз берүү жолу менен берилиши мүмкүн.
41. Маалыматтык билдирүүдө белгиленген убакытта Жер комиссиясынын отурумунда конкурстун катышуучуларынын катышуусу менен берилген арыздардын тизмеси жарыяланат. Арыз (арыздар) берилбеген учурда Жер комиссиясы конкурсту өткөрүүнү жагдайды аныктаганга чейин токтотуп турат.
42. Берилген арыздардын тизмеси жарыялангандан кийин конкурстун катышуучуларынын катышуусу менен арыздарды ачуу жүргүзүлөт.
43. Конкурстун жеңүүчүсү Жер комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан жөнөкөй көпчүлүк добуш берүү жолу менен аныкталат жана андан кийин конкурстун жыйынтыгы ачык жарыяланат. Жер комиссиясынын чечимине ылайык конкурс боюнча эң жакшы шарттарды сунуш кылган катышуучу конкурстун жеңүүчүсү болуп таанылат.
Добуштар тең болгон учурда Жер комиссиясынын төрагасынын добушу чечүүчү болуп эсептелет.
44. Жер комиссиясынын отуруму, эгер ага мүчөлөрүнүн жалпы санынын кеминде үчтөн экисинен кем эмеси катышса мыйзамдуу болот.
45. Эгер эки же андан көп катышуучулардын конкурстун шарттары боюнча сунуштары бирдей жана эң жакшы болуп калса, анда арызды мурда берген конкурстун катышуучусу жеңүүчү деп таанылат.
46. Конкурстун жыйынтыгы боюнча Жер комиссиясы протокол түзөт (N 1- тиркеме), анда төмөнкүдөй маалымат камтылат:
- Жер комиссиясынын отурумга катышкан мүчөлөрүнүн тизмеси;
- конкурстун катышуучулары жөнүндө маалыматтар жана алардын сунуштары;
- конкурстун жеңүүчүсү.
Протоколго Жер комиссиясынын отурумга катышкан бардык мүчөлөрү, конкурстун жеңүүчүсү кол коюшат. Протоколдун көчүрмөсү конкурстун жеңүүчүсүнө берилет.
47. Протоколдун негизинде конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол койгондон тартып 10 иш күндүн ичинде айыл өкмөтү менен ижарачынын конкурстун жеңүүчүсүнүн ортосунда жер участкасын ижаралоо келишими (N 1 тиркеме) түзүлөт.
- ижарачы жыл сайын айыл чарба сезонунун аяктаган мезгилине 1-ноябрга чейин кепилдик каттын шарты боюнча отчет бериши керек, ижаралоочу жер участогунун асылдуулугун жакшыртууга акча каражаттарынын чыгымдары (аткарылгын иш боюнча акты, эсеп, сметалар) документ түрүндө тастоо керек.
- келишим бир тараптуу тартипте жердин асылдуулугун жакшыртууга инвестицияларды киргизүү шарттары аткарылбаган учурда бузулушу мүмкүн.
Ушул 3-бөлүктүн 47-п. 1-абзацында белгиленген мөөнөттө жеңүүчүнүн күнөөсү боюнча ижара келишими түзүлбөсө, ал Жер комиссия тарабынан жер участкасын ижаралоо келишиминен баш тартуу катары каралышы мүмкүн.
48. Жеңүүчү протоколго же келишимге кол коюудан баш тарткан учурда Жер комиссиясы ошол эле арыздардын арасынан экинчи жеңүүчүнү аныктайт.
49. Жеңүүчү же экинчи жеңүүчү протоколго же келишимге кол коюудан баш тарткан учурда ал ошол лот боюнча экинчи конкурска катышуу укугунан ажырайт.
1.3. АЧЖМФ жер участкаларын түз берүү аркылуу ижарага берүү
50. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага тоорук менен эмес, түз сүйлөшүүлөр жолу менен берүүнүн субъекттери төмөнкүлөр болушу мүмкүн:
- ошол айыл өкмөттүн аймагындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөр;
- АЧЖМФ бош калган жерлерин, ошондой эле 3-бөлүктүн 40-пунктунда каралган жерлерди ижарага алууну каалаган жактар;
- мамлекеттик үрөнчүлүк, асыл-тукум, эксперименттик, тажрыйба-селекциялык чарбалар;
- социалдык багыттагы субъекттер (мектептер, оорууканалар, түзөтүү-эмгек мекемелери у.с.)
51. АЧЖМФ жерлерин социалдык багыттагы субъекттерге ижарага Келечек планына ылайык экономикалык жактан артыкчылыктуу жерден берүү жүргүзүлөт, мында бериле турган жерлердин жалпы аянты ушул зонада турган жерден 10% га ашпоого тийиш.
52. Жер участогун ижарага алууга талапкер болгон социалдык багыттагы субъектилер (ишмердиги жарандардын коомдук талаптарын канааттандырууга, ден-соолукту коргоону камсыз кылууга, билим берүү, айыл калкын өнүктүрүүгө, аларды ишке орноштурууга багытталган мамлекеттик уюмдарына) айыл өкмөтүнө уюштуруу иш кагаздарынын көчүрмөлөрү (уставдын, жобонун ж.б. күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү) тиркелген арыз беришет.
53. Жер комиссиясы арыздарды жана ушул тиешелүү документтерди карайт, андан кийин АЧЖМФ жерлери ижарага бериле турган социалдык багыттагы субъекттердин тизмесин түзөт.
54. АЧЖМФ жерлерин социалдык багыттагы субъекттерге берүүдө ижара акысы жер салыгынын өлчөмүндө белгиленет.
1.3.2. АЧЖМФ бош калган жерлерин, ошондой эле экинчи конкурс өткөн жок деп таанылганда ижарага берүү
55. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун бош калган жерлерин ижарага берүү Келечек планга ылайык тиешелүү жер-пландоо зоналарынан, ошондой эле 3-бөлүктүн 40-п. каралган жерлерден жүргүзүлөт.
56. Бул жер участкаларына талапкер жактар айыл өкмөтүнө арыз беришет.
57. Жер комиссиясы арыздарды карайт жана бул жерлерди ижарага берүүнүн шарттары боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, мында жергиликтүү кеңеш тарабынан ижара акыны төлөө боюнча жеңилдиктер белгилениши мүмкүн.
1.3.3. АЧЖМФ жерлерин мамлекеттик асыл-тукум чарбаларга, үрөнчүлүк чарбаларга, тажрыйба-селекциялык жана эксперименттик чарбаларга ижарага берүү
58. АЧЖМФ жерлерин үрөнчүлүк, асыл-тукум, тажрыйба-селекциялык чарбаларга түз берүү жолу менен бош калган жерлердин зонасынан берилет. Мында мамлекеттик үрөнчүлүк, асыл-тукум чарбаларына бериле турган жерлердин жалпы аянты АЧЖМФ жеринен 30% дан ашпоого тийиш.
59. Үрөнчүлүк, асыл-тукум, тажрыйба-селекциялык чарбаларга берилүүчү бир айылдык аймак Кеңешиндеги АЧЖМФ жер участкалары мамлекеттик Келечек планында каралууга тийиш. Жер салыгынын өлчөмү жана төлөмү жер пландоо зоналарынын жерине тиешелүү жүргүзүлөт.
1.3.4. АЧЖМФ жерлерин ушул айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган аз камсыз үй-бүлөлөргө ижарага берүү
60. АЧЖМФ жерлерин аз камсыз үй-бүлөлөргө ижарага Келечек планына ылайык экономикалык жактан артыкчылыктуу жерден берүү жүргүзүлөт, мында бериле турган жерлердин жалпы аянты ушул зонада турган жерден 10% га ашпоого тийиш.
Жер участогун ижарага алууга талапкер болгон аз камсыз үй-бүлөлөр айыл өкмөтүнө аз камсыздык статусун күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрү тиркелген арыз беришет.
61. Жер комиссиясы арыздарды жана ушул тиешелүү документтерди карайт, андан кийин АЧЖМФ жерлери ижарага бериле турган аз камсыз үй-бүлөлөрдүн тизмесин түзөт. Биринчи кезекте ушул айыл өкмөтүндө жашаган аз камсыздуу субъектерге берилет.
62. АЧЖМФ жерлерин аз камсыз үй-бүлөлөргө берүүдө ижара акысы жер салыгынын өлчөмүндө белгиленет, ижара мөөнөтү 5 жылдан ашпоого тийиш.
2. Корутунду бөлүгү
2.1. АЧЖМФ жерлеринин ижара келишимдерин түзүү жана келишимди мамлекеттик каттоодон өткөрүү
63. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жер участкасын ижарага алуу укугун берүүнүн түрүнө (тоорук, түз берүү) карабастан айыл өкмөтү ижарачы менен жазуу түрүндө бирдей күчкө ээ үч нускада жер участкасын ижаралоо келишимин түзөт.
64. Фонддун жерлерин ижаралоо келишими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүгө тийиш.
65. Ижара келишиминде негизги шарттар, анын ичинде ижара төлөмдөрүн төлөөнүн мөөнөттөрү, ошондой эле ижара акысын индексациялоонун шарттары жана өзгөрүп кеткен учурда кайра кароо шарты менен жылдык жер салыгынын өлчөмү камтылууга тийиш.
66. Ижара келишими боюнча милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуу үчүн ижарага берүүчү ижарачы менен күрөө келишимин түзүүгө укуктуу.
67. Ижара акысы бир жолу же мезгил-мезгили менен төгүлүүчү төлөмдөрдүн так аныкталган суммасы түрүндө киргизилиши мүмкүн.
68.Төмөндөгүдөй укук бузуулар тууралуу жазуу түрүндөгү эскертүү чыккандан кийин 30 күндүк мөөнөттө ижарачы аларды жойбосо, жер участкасын ижаралоо келишими сот тартибинде бузулушу мүмкүн:
- жер участкасын ижара келишиминин шарттарын орчундуу бузуу менен пайдалануу;
- жер участкасын максаттуу багытына ылайык пайдаланбоо;
- кыртыштын асылдуулугун орчундуу начарлатуу;
- келишимде белгиленген төлөө мөөнөтүндө ижара акысын төлөбөө;
- ижара келишиминде белгиленген милдеттенмелерге ылайык жер участкасына инвестициялоо боюнча милдеттенмелерди аткарбоо;
- жерди пайдалануу үчүн жер салыгын киргизүү.
69. Ижарага алынган жер участогу кошумча ижарага берилбейт.
70.Ижарага алынган жер участкасына болгон укук ипотека келишиминин заты боло албайт.
2.2. Акча каражаттарын бөлүштүрүү
71. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин тоорук жана түз берүү аркылуу ижарага берүүдөн түшкөн каражаттар, ошондой эле кайтарылбаган кепилдик төлөмдөрдүн суммалары тиешелүү жергиликтүү бюджетке түшөт.
- жергиликтүү кеңеш жыл сайын а/аймактын башчысынын келечек планынын аткарылышы, АЧЖМФ жерлеринин ижара акысынын түшүүлөрү жана каражаттарды пайдалануу жөнүндө отчетун угат.