Загрузка документа…
БИРИНЧИ МАЙ КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Айыл кеңештин XXVII чакырылышынын VII сессиясы
2017-жылдын 19- сентябры № 26
“Кошумча төлөмгө акча каражатын бөлүү жөнүндө”
Айыл өкмөтүнүн башчысы А. И. Бакировдун КР Финансы Министрлигине үлүштүк (дем берүүчү) гранттын эсебинен каржылоо үчүн “Жылдыз-Нуру” бала бакчасынын терезелерин жана эшиктерин алмаштыруу боюнча долбоорун жибере тургандыгы жана долбоорду ишке ашырууда кошумча төлөмгө акча каражатын бөлүп берүү, долбоордун баасы 4346,5 миң сом, кошумча төлөмдүн өлчөмү – 1346,5 миң сомду б. а. 31%ды түзөөрү жөнүндө докладын угуп жана талкуулап,
Биринчи Май айыл кеңештин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Үлүштүк (дем берүүчү) гранттын эсебинен каржылоого жиберүүлүчү “Жылдыз-Нуру” бала бакчасынын терезелерин жана эшиктерин алмаштыруу долбоору 4346,5 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. ФЭБ башчысы Н. Б. Жумагуловага 2019-жылдын бюджетин түзүүдө “Жылдыз-Нуру” бала бакчасынын терезелерин жана эшиктерин алмаштыруу долбооруна кошумча төлөмгө 1346,5 миң сом акча каражаты каралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.И. Бакировго жүктөлсүн.
Төрага | У. Дунганов |